КЫЛЫМ КАРЫТКАН КЫРГЫЗ КУРАГЫ

  • 17.03.2025
  • 0

18-мартта “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинде “Кыргыз курагы — кол өнөрчүлүктүн башаты” иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын максаты — Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-2027-жылдарга улуттук каада-салттарды сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программасын ишке ашыруу. Уюштуруучулар келген меймандарга кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсүн уюштуруп, кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн тарыхы жана маданиятын калк арасында жайылтуу, кол өнөрчүлүк салттарын сактоо жана өнүктүрүү, кыргыз маданиятынын улуттук баалуулуктарын урматтоого үндөө сыяктуу жаштар арасында кыргыз курагына кызыгуусун жаратуучу жана ошондой эле жаштарга ар жактан түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, алардын кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн тарыхы менен тереңирээк тааныштырып, кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуусун арттыруу багытындагы мастер класстарды өткөрөт.

Кеченин жүрүшүндө кыргыз бийлери аткарылып, кыргыз күүлөрү жаңырып, улуттук колорит камтылган кийимдер модасы көрсөтүлөт. Андан тышкары, келген меймандар өздөрү кызыккан суроолоруна жоопторду алмакчы.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер