“КУТ БИЛИМДИН” ЖАМААТЫ АЛМАЛУУНУН МЕКТЕБИНДЕ

  • 26.05.2023
  • 0

“Кут Билим” гезитинин — 70,  “Эл агартуу” журналынын — 95, “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналынын — 65 жылдык юбилейине арналган алгачкы жолугушуу Чүй облусунун Кемин районундагы Алмалуу айылындагы Тентике Өмүралиев атындагы мектебинде болуп өттү.

“КУТ БИЛИМДИН” ЖАМААТЫ АЛМАЛУУНУН МЕКТЕБИНДЕ

Билим берүү жана илим министринин буйругунун негизинде  педагогикалык басылмалардын өлкө үчүн тарыхый зор маанисин, бүгүнкү күндө билим берүү жана илим тармагындагы ээлеген ордун эске алуу, ошондой эле алардын тарыхы жана ишмердиги тууралуу коомчулуктун маалымат деңгээлин көтөрүү максатында, педагогикалык басылмалардын мааракелерине арналган тегерек стол, жолугушуу, конференциялар  уюштурулат. Мааракеге арналган мындай иш-чаралар бир жыл бою бардык аймактарда дагы улантылмакчы.

Мына ушул белгилүү датага карата, баш калаабыздагы А.Осмонов атындагы китепканада уюштурулган сүрөт көргөзмөдө сүйлөгөн сөзүндө билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев  “Акыркы бир кылымда Кыргызстандагы мугалим, директор, окумуштуу, ректор, академик, Кыргыз эл жазуучусу, эл акыны, драматург жана башкалардын бүт өмүрү ушул үч басылма менен байланышкан. Аталган үч басылмасыз кыргыз интеллигенциясынын асыл муунун элестетүү мүмкүн эмес. Бул басылмалар – кыргыз интеллигенциясынын энциклопедиясы”, — деген эле.

“КУТ БИЛИМДИН” ЖАМААТЫ АЛМАЛУУНУН МЕКТЕБИНДЕ

Т.Өмүралиев атындагы Алмалуу мектебинин мугалимдер жамаатынын демилгеси менен уюштурулган иш-чаранын алкагында мугалимдер “Педагогикалык маалымат каражаты – кут билим казынасы” темасында дилбаян жазган эле. Дилбаян жазуу сынагында I орунду Асель Асаналиева ээлесе, II орунга бирдей упай менен Бурул Умөталиева жана Канышай Төлөбековалар татыды. үч мугалимге “Кут Билим” медиа борборунун Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жеңүүчүлөргө ошондой эле Санжарбек Данияровдун коомдук фонду чыгарган “Базаркул Данияров – алгачкы агартуучу. Доор күүсүндөгү инсандын бейнеси” деп аталган, И.Арабаев, К.Тыныстанов, П.К.Юдахин ж.б. менен катарлаш өлкөбүздүн билим берүүсүнүн башатында турган педагог-агартуучу Базаркул Данияровдун өмүрү жана ишмердиги баяндалган китеп белекке тартууланды.

“КУТ БИЛИМДИН” ЖАМААТЫ АЛМАЛУУНУН МЕКТЕБИНДЕ

 I орун

…Мугалимдин иш тажрыйбасында башкаларды айтпай эле коёюн, өзүмдүн төрт жылдык иш тажрыйбамда “Кут Билим” газетасынан мен өзүм үчүн көптөгөн даяр сабактардын үлгүсүн алып, белгилүү инсандардын өмүр баяны, ырлары, акыл-насааттары жана ошондой эле сабакка керектүү көптөгөн мыкты материалдарды алып колдонуп жүрөм. Ошол эле учурда мыкты мугалим, мыкты тарбиячы, мыкты окуучу, мыкты сүрөтчү ж.б ишин көрсөтүп көптөгөн ар кандай жакшы, биз үлгү ала турган сабак, иш-аракеттер жазылган. Ушул гезит аркылуу мага окшогон көп-көп жаш мугалимдер өзүнүн ишине жана жан дүйнөсүнө керек нерселерди алды деген ишеничтемин…

II орун

…»Кут Билим» газетасы – мугалимдер үчүн гана эмес, ата-энелер үчүн да жакындан жардамчы, кеңешчи. Эсиңиздердеби, пандемия каптаган 2020-жылдары башка басылмаларга караганда үзбөй чыгып, гезиттин сайтында мугалимдин, ата-эненин, баланын ал-ахыбалын чагылдырган, окууга байланышкан ар кыл жаңылыктарды байма-бай жарыялап турду. Биз бири-бирибиз тууралуу маалыматтарды ушул гезиттен окуп, билип жаттык. Айрыкча аралыктан окутуу мезгилинде ата-энелер, окуучулар, мугалимдер үчүн кеңеш  берүүчү макалалары мага абдан чоң жардам берди. Мисалы: окуучу сабак учурунда мен аткарып бүттүм, эми ойной берсем болот деген учурда эмне кылуу керектигин билип алган элем…

II орун

…«Жакшы мугалим түшүндүрөт, алдыңкы мугалим көрсөтүп да берет, улуу мугалим шыктандырат” дейт. Кандай гана керемет сөздөр. Өзүмдү ушундай мугалимдердин катарында көргүм келип, талыкпаган мээнет, күчтүү эрк жана туура максат менен аракет кылууга тырышып келем. Окуучуларды шыктандырып сабак өтүүнүн мазмуну, кызыктуулугу, карама-каршылыгы, түшүнүктүүлүгү,  сырдуулугу боюнча эң жакшы маалыматты мен ушул “Кут Билим” газетасынан алдым десем жаңылышпайм. Бир мисал келтирейин. Комуз күнүнө арналган сабагыма даярданып олтуруп “Кут Билим” газетасынан бир уламыш окуп калдым. Илгери бир уламышта комузга тил бүтүп: ”Өзүм өрүк болсом, капкагым карагай болсо, купкунум кайыш, тепкегим терек, кылым ичегиден болсо – мен сүйлөбөгөндө ким сүйлөйт” деген экен. Ушундай сонун уламыштарды окуп, Комуз күнүнө арналган ачык тарбиялык саат өттүм…

Андан сырткары, окуучулар да мектеп ысымын алып жүргөн, эки кабаттуу мектептин курулушуна зор салымын кошкон Тентике Өмүралиевдин 100 жылдыгына арналган дилбаян жазышып, үч алдыңкы окуучу: Айдана Супатаева, Айтурган Калыбекова, Баяна Усенова акчалай сыйлыктарга ээ болду.

“КУТ БИЛИМДИН” ЖАМААТЫ АЛМАЛУУНУН МЕКТЕБИНДЕ

 

Чүй облусунун билим берүү борборунун директору Райымбек Султанов бүгүнкү күнү Кыргызстанда бир гана  “Кут Билим” гезити мугалимдердин чыгармачылыгын, бардык аткарып жаткан ишин чагылдырып жаткан бирден бир гезит экендигин,  50 жылдан ашуун убакыттан бери агартуучулардын эмгегин таамай чагылдырып келаткан “Кут Билим” гезитин өзгөчө баса белгилөө менен мугалимдердин тажрыйбасын жайылтууга дагы да чоң салымын кошо беришине тилектештигин билдирди.

“КУТ БИЛИМДИН” ЖАМААТЫ АЛМАЛУУНУН МЕКТЕБИНДЕ

— “Кут Билим” гезити 70 жылдык тарыхында түрдүү эмгектерди жаратты. Бүгүнкү күндө  жалпы педагогдор арасында маанилүү, заман талабына ылайык өзгөрүүлөрдү да чагылдырууда.  Мугалимдер билимин, квалификациясын тынымсыз өнүктүрүп турууга муктаждык болгондуктан, бул жагдай мектептердеги окутуу технологияларын олуттуу өзгөртүү зарылдыгын пайда кылат.  Мындай өзгөртүүлөрдү Кыргызстандын бардык мектептеринин мугалимдерине жеткирүүнүн бирден бир жолу – ушул күнгө чейин өзүнүн актуалдуулугун жоготпой келе жаткан гезиттин ишмердигинде.  Гезит аркылуу мыкты мугалимдердин алдыңкы тажрыйбалары айтылып, сабактын үлгүлүү пландары жана тарбия жаатындагы маалыматтар байма-бай берилип турганы кубандырат. Бул өз кезегинде жаш мугалимдер, өзгөчө  педагогикалык кесипке жаңы аттанган адистер үчүн чоң жардам. Себеби мугалим дайыма окуп, үйрөнүп, коомдо болуп жаткан бардык жаңылыктардан артта калбай, изденип  жүрүшү зарыл. “Кут Билим” гезитинин жалпы эмгек жамаатына чыгармачылык ийгиликтерди каалайм,  — деди Райымбек Султанов.

Жолугушуу мектеп окуучуларынын чакан концерттик программасы менен коштолду. Мугалимдердин “Миллионы, миллионы аллых роз” деп аталган белгилүү ырдын обону менен “Кут Билимдин” жамаатына арнап ырдаган ыры уккандардын жүрөгүн жылытып, эсиңден кеткис жагымдуу маанай тартуулады.

Татыктуу көмөк берип,

Ыкма мыктысын терип.

Тажрыйбаны тараткыч,

Кең маалыматты берип.

Жаш-карыга жардамдаш,

Баарына болгон шерик.

Аталат гезитибиз,

Ал “Кут Билим” делип.

 

Жүздөгөн, миңдеген “Кут Билим” нускасы,

Мугалимдин достору, сырдашы, кыскасы.

Илимге ар түркүн жол менен үндөгөн,

“Кут Билим” – татыктуу билимдин устаты.

 

“Кут Билим” жамаатына,

Кут конуп ооматына.

Жаңыларды жараткан,

Көп болсун жоомартыңар.

Акылга акыл кошкон,

Жаратып барды жоктон.

Жаратман кесипкөйгө,

Ийгилик биздин топтон.

Айгерим ТОКТОБАЕВА,      “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер