“Кут Билим” мигрант мугалимдерди издейт!

  • 22.07.2024
  • 0

Кыргыз диаспора Кеңешинин Билим комитети “Кут Билим” медиа борбору менен биргеликте Москва шаарындагы жана Москва облусундагы кыргыз мугалимдер арасында “Кесибим жана миграция» аттуу дилбаян сынагын жарыялайт.

Дил баян.pdf “Кут Билим” мигрант мугалимдерди издейт!

Сынактын максаты — миграцияда эмгектенип жүргөн мугалимдердин өз кесибине кайтуусуна өбөлгө болуу жана кызыгуусун арттырууга көмөктөшүү.

Сынакка Мекенден сыртта эмгектенип жүргөн мугалимдер катыша алат. Ал эми окуучуларды түздөн-түз  окутууга  катышпаган мугалимдер катыша алышпайт.

Дилбаянга коюлуучу талаптар:

 

—  Дилбаян кыргыз тилинде кабыл алынат.

— Дилбаян барак бетине терилген түрдө же электрондук түрдө кабыл алынат. Кол жазмалар кабыл алынбайт.

 

—  Дилбаяндын көлөмү — 3 беттен 5 бетке чейинки А4 форматындагы 12 шрифтте, интервалы 1 менен басылууга тийиш.

 

—  Дилбаян 3 бөлүктөн болушу керек: кириш сөз, негизги бөлүгү жана корунду.

 

—  Дилбаянда АВТОР ӨЗҮ  ЖАЗГАН  ТЕКСТ  ГАНА  болушу  шарт.  Шилтемелер алынган маалымат булагына таянуу менен белгилениши керек. Тике келтирилген цитаталар дилбаяндын көлөмүнүн 10% ашпоого тийиш.

 

Сынактын шартына ылайык, сынакка жөнөтүлгөн бардык дилбаяндар Уюштуруу комитети тарабынан тексттин уникалдуулугу, б.а. плагиаттын бар же жоктугу текшерилет. Текшерүүдөн өткөн дилбаяндар калыстар тобунун мүчөлөрүнө жашыруун, б.а. катышуучунун аты-жөнү көрсөтүлбөй, сыр сөз жазылган түрдө жөнөтүлөт.

 

Дилбаяндарды баалоо критерийлери:

 

  • теманы толук ачып берүү;
  • негизги ойду ачык, так баяндап берүү;
  • баяндоо стили (көркөм);
  • жазуу сабаттуулугу;
  • андан аркы иш үчүн пайдалуулугу, тажрыйба бөлүшүү;
  • дилбаяндын темасына стандарттан тышкары мамиле жасоо;

Дилбаяндар 2024-жылдын 15-августуна чейин кабыл алынат.

Калыстар тобунун түзүмү билим берүү,  илимий,  методикалык  мекеме кызматкерлеринен, маданият жана илимий ишмер өкүлдөрүнөн түзүлөт.

 

 

Кошумча маалымат: +79959042006 (Таалайкүл Токтобековна)

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер