КУТ АЛЫП КЕЛГЕН КУУРЧАКТАР
- 06.11.2025
- 0
Бишкекте KUTKUURCHAK продуктусунун презентациясы болду. Аны КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана КР ЮНЕСКО Улуттук комиссиясынын колдоосунун алдында “CREATIVE LAB OF (ICH) KYRGYZ CRAFTS/КЫРГЫЗ КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮГҮНҮН ЖАРАТМАН ЛАБОРАТОРИЯСЫ” эл аралык долбоору уюштурду.
Корея Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Экономикалык жардам (ODA) – Кыргызстанда салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүү жана алардын санариптик маркетинг дараметин жогорулатуу аркылуу маданий туризмди өнүктүрүү” программасынын алкагында Cacsarc-kg коомдук фонду ишке ашырып жаткан KUTKUURCHAK продуктусунун презентациясына Cacsarc-kg коомдук фондусунун директору Оксана Кононова, “CREATIVE LAB OF (ICH) KYRGYZ CRAFTS” долбоорунун директору Асель Джумакова, Санжарбек Данияров коомдук фондунун негиздөөчүсү Асель Даниярова жана башка кыргыз кол өнөрчүлүгүн урматтап-сыйлагандар келишти.
Презентацияны өткөргөн Тана Сарбугу куурчактардын пайда болуу тарыхына кеңири токтолуп, ар бирине мүнөздөмө берип өттү. Кыргыз фольклоруна шыктандырган, колго жасалган автордук кийиз фигуралары Тур, Эсте, Бер, Жаша, Бил, Сез, Дем аталып, ар биринин өзгөчө таанымы бар. Мисалы, Тур эрк жана натыйжанын белгисин билдирет. Анын күчү — өткөндү кабыл алып, андан сабак чыгара билүүдө, өз багытын билген аң-сезимдүү тандоодо. Эсте — аялзатынын ой тереңдигинин үлгүсү жана үй-бүлөнүн тиреги. Ал башкаларга кам көрүү, өзүңдөн баш тартууну талап кылбай турганын көрсөтөт экен. Ал эми Бер – жетилгендиктин жана берекенин белгиси, Жаша – кубанычтын мааниси, жашоого ишеним жана учурда боло билүү, Бил – акылман суроо берүүдөн жана чындык өзү ачыла турган ички тартипти түшүнүүдөн турат, Сез – өзүңө ачык болгон айкындыкты сезүү, көңүл бура билүү жана өз чакырыгыңды ички туюмуң менен угуу, Дем – анын күчү дабагерчиликте, ал адамдын жанын тынчтыкка чакырып, жашоонун ыргагын кайра жандандырат дешет куурчактын авторлору.

Авторлордун айтымында, алардын баары Манас эпосундагы каармандардан алынган. Куурчакты жасоого буйрутма алган Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Талаа айылындагы “Беш эне” кол өнөрчүлөр тобунун мүчөсү Динара Шейшеканова учурда эс алуудагы ардагер мугалим. Айылдын эс алууга чыккан мугалимдери кеңешип ушул топту түзүшкөнүн, учурда иштери илгерилеп, кол өнөрчүлүккө кызыккандардан көп буйрутмаларды алып жаткандарын айтты.
— Биздин топ жалаң эс алууга чыккан мугалимдерден турат. Биздин максат — кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, өнүктүрүп эле тим болбостон бизден кийинки жаштарга дагы үйрөтүү. Дагы бир максатыбыз кесиптик билим берүү максатында мектепке дагы мастер класстарды өтүп, өзүбүздүн жасаган буюмдарыбызды балдар-кыздарга үйрөтүү болуп эсептелет. Биз эң биринчи жасаган буюмдарыбыздын, куурчактарыбыздын сапатына көңүл бурабыз. Биздин айылда арал бар, анда 80ден ашык канаттуулар жашайт, биз ошол канаттуулардын бардык түрүн жасаганга аракеттенебиз. Буюмдарыбызды экологиялык таза, нукура материалдардан жасайбыз, — дейт.
“Беш эне” кол өнөрчүлөр тобунун ардагерлери аралдагы канаттуулардан тышкары башка жаныбарлардын түрлөрүн, айрыкча Кыргызстандагы кызыл китепке кирген баалуу жаныбарлардын кептерин жасап жүрүшөт. Президенттин жарлыгы менен Ак илбирс жылы жарыяланганда, ак илбирстин кебин жасап ар кандай фестивалдарга алып чыгышты. Көргөндүн көз жоосун алган ак илбирсти жасоочулардын ак эмгеги текке кетпей, нечен кароо-сынактарда жеңүүчү болушту.
“Мээнетке дөөлөт” дейт эмеспи элибизде, “Беш эненин” кол өнөрчүлөрүнүн кол эмгектери жогоруда сөз болуп жаткан долбоор жетекчилеринин көз кырына илинип, мына ушундай керемет куурчактарды жасоо сунушу түшкөн.
— Август айында бизге кут куурчакты ойлоп табуучулардан сунуш алдык. Алар сунушунда куурчактардын жаралуу тарыхын, бул куурчактар жөн куурчак эмес экендигин, илгерки бир уламышта айтылгандай, куурчакты колго алгандарга кут алып келерин айтып беришти. Буйрутма алгандан кийин үч ай аралыгында жасап бүттүк. Куурчактарды ушунчалык эргүү менен “Ушул куурчактар бизге да кут алып келсе экен” деп бүт ынтаабызды коюп жасадык. Бул куурчактар Манас эпосунан алынган жети кейипкерден турат. Ошондуктан мааниси да өтө терең. Мындай кейипкерлерди жасоо абдан оорчулукту жаратат. Адегенде ылайыктуу материалды алып, тоголоктоп туруп жакшылап кургатып алуу керек, себеби абдан жакшы кургамайынча куурчак жасалбайт. Фильцевание — кийиз багуу, жасоо деп коет, бул кол өнөрчүлүктүн ыкмасы жана анын жиптерин кийиздөө менен жүндөн буюмдарды жасоонун байыркы өнөрү болуп саналат. Кийиз багуу деп бекеринен айтылбаса керек, өтө астейдил мамилени талап кылган өнөр. Таза жүндөн тегиздеп отуруп тоголок куурчактын формасын келтиребиз, анан саймасын саясабыз. Биз үлгү катары алган макетте бүт көлөмү, өлчөмү миллиметрге чейин эсептелип берилет, анын баары сызгыч менен ченеп өлчөнүп, бир дагы ашык кеми жок, стандартка тууралап жасалат, — деп ардагер кол өнөрчү жасаган куурчактарынын техникасына токтолуп өттү.
Анын айтымында биринчи жасалган куурчактары жакшы бааланган. Адегенде 140 куурчак, андан кийин дагы 140 куурчак жасоого буйрутма алышкан.
— Кут куурчактар бизге да ийгиликтерди алып келгенине кубанып жатабыз. Каракол, Чолпон-Ата шаарларына, райондорго барып, көптөгөн фестиваль-кароолорго катыша баштадык. Эл көзүнө көрүнүп, ийгиликтерди жаратып жатканыбызды байкаган Тоң районунун жетекчилери, Ысык-Көл облусунун губернатору жакындан жардам берүү убадасы боюнча бир имараттан ылайыктуу бөлмө бөлүп беришти. Облус жетекчилиги жаңы эмеректер менен жабдып беребиз деген убадасынын өтөөсүнө чыгып, каражат бөлүп берип жатат. Ошондон улам куурчактар бизге да кут алып келди деп кубанып жатабыз, — дейт Динара Шейшеканова.

Иш-чараны уюштуруучулардын бири Асель Джумакова бийик вазийпа жүктөлгөн бул куурчактар руханий байлыктарды байытууга, балдарды тарбиялоого жардам берерине ишенерин билдирди.
— Кыргызстанда былтыртан бери “Кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн жаратман лабараториясы” деген долбоор иштейт. Биздин эң негизги максатыбыз — жоголуп бараткан материалдык эмес маданий мурастарды сактап калуу, бул ишке биздин кол өнөрчүлөрдү, жаштарды тартуу. Иштин жүрүшүндө Кут куурчак деген бренд пайда болду. Ал оюнчук эмес, жети куурчактан турган кутуча түпкүлүгүндө терең маанини камтыйт. Кут куурчактын жардамы менен балдарды тарбиялоого болот. Ушул бренд аркылуу тарыхый мурастарыбызды сактап калганга салым кошоорубузга ишенем. Алгачкы презентациясы өтүп жаткан куурчактарды жакынкы арада сатыкка чыгара баштайбыз. Биздин өзгөчөлүгүбүз – жети куурчактын кайсынысы сизге түшөөрүн билбейсиз, анткени баары жабык кутучаларда турат. Адам өзүнүн кыялын адатта жашыруун сактайт эмеспи, өзүнө керектүү нерсеге жетүүнү купуя кыялданат. Андыктан биздин куурчактар аны алган кишинин ички кыялын орундатууга, жетпей жатканына жеткирүүгө же алсыз жерлерин күчтүү кылууга жардам бере алат деп ишенебиз, , — дейт “CREATIVE LAB OF (ICH) KYRGYZ CRAFTS” долбоорунун директору Асель Джумакова.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер