КУСАИН КӨЛБАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК АВТОМОБИЛЬ – ЖОЛ КОЛЛЕДЖИ

  • 11.05.2024
  • 0

КУСАИН КӨЛБАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК АВТОМОБИЛЬ – ЖОЛ КОЛЛЕДЖИ

Автотранспорт жана жол чарба тармагында орто деңгээлдеги адистерди кесиптик даярдоо жетишсиз болгондуктан, Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин 1957-жылдын 19-июнундагы №209 токтому менен Фрунзе шаарында биринчи категориядагы автомобиль – жол техникуму түзүлгөн.

Автомобиль – жол техникумун жандандыруу идеясы 1953-жылдан 1973-жылга чейин Республиканын автомобиль транспорту жана шоссе жолдору министри Кусаин Көлбаевге таандык.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22-декабрындагы № 743 токтомунун негизинде техникум Кусаин Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль – жол техникуму деп аталган.

Колледж өзүнүн 67 жылдык тарыхында инновациялык жактан өнүгүп келе жаткан базалык колледждердин катарына кирип, жаш муундарга татыктуу тарбия, сапаттуу билим берип келүүдө.

Колледждин материалдык-техникалык базасы заманбап лабораториялык жна уюштуруулук техникалары менен жабдылган: 5 аудитория интерактивдүү доскалар менен, 30 дон ашык проекторлор, 2 тестирлөө борборлору, компьютердик класстар жана окуу-өндүрүштүк практиканын бардык түрлөрү боюнча 8 лаборатория, кабинеттер оңдолуп, жабдылган.

Азыркы учурда колледждин студенттеринин саны 1600 дөн ашык, окутуучулар жамааты жогорку билимдүү, алардын ичинен – 3 техника илимдеринин кандаидаттары, 19 билим берүүнүн мыктылары, КР Билим берүү жана илим министрлигинин 31 Ардак грамоталарынын ээлери эмгектенишет.

Бишкек автомобиль-жол колледжи Россия Федерациясынын ЖОЖдору менен тыгыз байланышта: Томск Политехникалык Университети (ТПУ), Томск Мамлекеттик Архитектура жана Курулуш Университети, Казань Федералдык Университети, Поволжье Мамлекеттик Технологиялык Университети (ПМТУ) жана Кострома Агрардык Академиясы (КАА) ж.б. окуу жайларда колледждин бүтүрүүчүлөрү бюджеттик негизде билимин улантып, жогорку билимге ээ болууда.

Колледжде окуу процессин, студенттердин жетишүүсү жана сабакка катышуусун тактоо жана көзөмөлдөө автоматташтырылган AVN тутуму аркылуу жүргүзүлөт. Бул тутумдун жардамы менен студенттердин ата-энелери электрондук журнал аркылуу толук маалымат ала алышат. Көзөмөлдөөчү видео-аудио камералары эки окуу корпусунун ар бир аудиториясында жана жатаканада орнотулган.

Билим берүүнүн сапаты боюнча чоң жетишкендиктери үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы №515 токтому менен, К.Көльбаев атындагы БАЖК сапат сынагында, «Билим берүү» номинациясы боюнча диплом менен сыйланган.

Колледжде төмөнкү адистиктерге даярдоо боюнча
2024/2025-окуу жылына кабыл алуу иштери башталды:

190604 «Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо»

190605 «Көтөрүп ташуучу, курулуш, жол машиналарын жана жабдууларын техникалык эксплуатациялоо»

270206 «Автомобиль жолдорун жана аэродромдорду куруу жана эксплуатациялоо»

190701 «Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу (аба транспортунан башка транспорттун түрлөрү боюнча)»

190503 «Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (транспорттун түрлөрү боюнча суу транспортунан башкасы)»

190702 «Автомобиль транспортунда жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздугу»

230110 «Эсептөө техникаларынын жана компьютердик тармактардын каражаттарын техникалык тейлөө»

230111 «Компьютердик системада программалоо»

230109 «Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо»

Колледж төмөндөгү адистиктер боюнча даярдайт:

Адистиктердин аталышыКонтракт Сырттан окууКонтракт Бюджет
1190604 «Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо»11-класс11-класс9-класс9-класс

 

2190605 «Көтөрүп ташуучу, курулуш, жол машиналарын жана жабдууларын техникалык эксплуатациялоо»9-класс
3270206 «Автомобиль жолдорун жана аэродромдорду куруу жана эксплуатациялоо»11-класс11-класс9-класс9-класс
4190701 «Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу» (аба транспортунан башка транспорттун түрлөрү боюнча)11-класс11-класс9-класс9-класс
5190503 «Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо» (транспорттун түрлөрү боюнча суу транспортунан башкасы)11-класс9-классжок
6190702 «Автомобиль транспортунда жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздугу»11-класс9-класс9-класс
7230110 «Эсептөө техникаларынын жана компьютердик тармактардын каражаттарын техникалык тейлөө»11-класс9-класс
8230111 «Компьютердик системада программалоо»11-класс9-класс
9230109 «Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо»11-класс9-класс

Окуу мөөнөтү:

9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай; 

11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай.

Керектүү документтер:

— билими жөнүндөгү документ (аттестат же билими жөнүндө күбөлүк)

— паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк

— 3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт

— аскердик билет же аскердик күбөлүк

Дареги:

720044, Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспектиси, 52.

Тел., факс:

(0312) 21-03-51

Колледждин эл. почтасы:

[email protected]

веб-сайты:

www.BADK.kg

Бөлүшүү

Комментарийлер