КУАУнун илимий журналынын импакт-фактору жогорулады

  • 17.09.2024
  • 0

Россиялык РИНЦ платформасында 2023-жылдын көрсөткүчтөрү жарыяланды. Ага ылайык, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин “КУАУнун жарчысы” илимий журналынын беш жылдык импакт-фактору 0,088ден 0,388ге, ал эми эки жылдык импакт-фактору 0,150дөн 0,699га чейин жогорулап, Кыргызстандагы ЖОЖдордун арасында экинчи орунга ээ болду.

КУАУнун илимий журналынын импакт-фактору жогорулады

 

2022-жылы “КУАУнун жарчысы” журналына коюлган талаптар эл аралык стандарттарга ылайык өзгөртүлгөн. Бул өзгөрүүлөрдүн, ошондой эле авторлор менен тыгыз өз ара аракеттенүүнүн жана журнал тарабынан белгиленген жогорку стандарттарга жана талаптарга шайкеш иштөөнүн аркасында журналдын импакт фактору жогорулады.

КУАУнун илимий журналынын импакт-фактору жогорулады

2003-жылы жарык көргөн илимий журналга илимдин ар кыл тармагындагы алдыңкы окумуштуулардын жана адистердин мыкты макалалары басылып келет.  Ар бир макала тыкыр текшерүүдөн өтү, антиплагиат системасы аркылуу текшерилип,  белгиленген талаптарга толук жооп бергендери гана жарыяланат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер