«КР нын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» мыйзам долбоору кабыл алынды

  • 27.02.2025
  • 0

Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

«КР нын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» мыйзам долбоору кабыл алынды

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев белгилегендей, мыйзам долбоору менен Улуттук илимдер академиясынын (УИА) фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн багыттарын координациялоо функцияларын киргизүү жана УИАнын президенти жетектеген илим чөйрөсүндөгү фундаменталдуу жана колдонмо изилдөөлөр боюнча координациялык кеңешти түзүү демилгеленүүдө.

Муну менен катар республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иштеринин илимий, илимий-техникалык натыйжаларына мониторинг жүргүзүү, баа берүү, өлкөнү социалдык-экономикалык, саясий-укуктук өнүктүрүүнүн, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануунун жана коргоонун илимий негиздемеси, илимди жана инновацияны өнүктүрүүнүн жаңы жолдорун аныктоо, ата мекендик жана дүйнөлүк илимдин жетишкендиктерин практикада пайдалануу боюнча сунуштарды жана механизмдерди иштеп чыгуу, илимдин денгээли жөнүндө улуттук доклад даярдоо боюнча академиянын милдеттери кеңейтилүүдө.

Депутаттар бир катар сунуштарды киргизип, жыйынтыгында мыйзам долбоорун колдоп беришти.

«КР нын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» мыйзам долбоору кабыл алынды

Бөлүшүү

Комментарийлер