КРЕАТИВДҮҮ ЖАШ ЖАРАТМАН

  • 13.02.2024
  • 0

«Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы» Ноокат РайБББнын 2024-жылдын 15-январындагы 2-буйругу менен жетекчиликке алынды.

КРЕАТИВДҮҮ ЖАШ ЖАРАТМАН КРЕАТИВДҮҮ ЖАШ ЖАРАТМАН

Э.Эргешовдун маалыматы боюнча, К.Каримов а.о.м. базасында «Креативдүү жаш жаратман» сынагы өткөрүлүп,  жаш ойлоп табуучуларга  макет жасоо жана тесттик тапшырмалар берилди. Жыйынтыгында: 1-орунду Ноокат билимканасы, 2-орунду Кожоке о.м, 3-орунду Курак-Тектир о.м. окуучулары жеңип алышты. К.Каримов, Байыш, Беш-Коргон, М.Нурматов а. «Кашкалдак» о.м. окуучулары активдүүлүгүн көрсөтүштү. «Мехатроника » ийриминин мугалими  Саматов Өмүрбек  тарабынан мастер-класс өткөрүлдү. ОБЧБнын директору Р.Назаров тарабынан мектепке Ыраазычылык кат тапшырылды. РБББнын  Ардак грамоталарын  Э.Эргешов жана ардагер мугалим А.Паязовдор окуучуларга чыгармачылык ийгилик каалап тапшырышты.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер