“КРЕАТИВ-ТААЛИМ” БИЛИМ БЕРҮҮ КОМПЛЕКСИНИН ГЕРМАНИЯДАГЫ ЖЕҢИШИ

  • 26.11.2025
  • 0

Сүйүнчү! Кыргызстандык окуучулар Эл аралдык олимпиадада жеңишке жетишти!

Германиянын баш калаасы Берлинде  15-ноябрдан 22-ноябрга чейин болуп өткөн престиждүү Эл аралык Олимпиадага барган Бишкек шаарындагы “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин 6 окуучусу катышып, өлкөбүздү дүйнөгө таанытып, жеңиш менен кайтып келишти.“КРЕАТИВ-ТААЛИМ” БИЛИМ БЕРҮҮ КОМПЛЕКСИНИН ГЕРМАНИЯДАГЫ ЖЕҢИШИ

Берлиндеги Ломоносов атындагы эл аралык мектептин базасында болуп өткөн “Ломоносов күндөрү”  Эл аралык олимпиадасына Армения, Монголия, Латвия, Өзбекстан, Казакстан, Индия, Германия жана Кыргызстан мамлекеттеринен келген жүздөн ашуун тандалган  мыкты окуучулар катышып, интеллектуалдык таймаш масштабдуу өткөрүлдү.

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ” БИЛИМ БЕРҮҮ КОМПЛЕКСИНИН ГЕРМАНИЯДАГЫ ЖЕҢИШИКыргыз Республикасынын намысын коргогон  “Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин окуучулары англис жана немис тилдүү катышуучулардын арасынан күчтүү атаандаштыкка карабастан, терең билими менен айырмаланышып,  жеңиш менен кайтышты.

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ” БИЛИМ БЕРҮҮ КОМПЛЕКСИНИН ГЕРМАНИЯДАГЫ ЖЕҢИШИ— Сегизинчи жана тогузунчу класстардын окуучуларынын билим таймашында Бексултан Жеңишов орус тили боюнча мыкты жыйынтык көрсөтүп, Баш байге- биринчи орунду ээледи. Дагы бир окуучубуз Чолпонбаев Актан англис тилинде терең билимин далилдеп, экинчи орунга арзыды. Ал эми физика, математика, тарых, химия, биология, география предметтери боюнча билимдерин сыноо максатында уюштурулган интеллектуалдык жалпы командалык таймашта 8 өлкөдөн биздин команда  биринчи орунду жеңип алышты. Бул олимпиаданын өзгөчөлүгү анын көп тармакты камтыганында болду. Окуучуларыбыз Жеңишов Бексултан, Кемелова Жибек, Рыспаева Санира, Талантбеков Айтеңир , Тууганбаева Айбийке жана Чолпонбаев Актан мульти предметтик билим сынагына, интеллектуалдык командалык таймаштарга, илимий изилдөө долбоорлорду жактоого жана чыгармачыл өнөрлөрүн көрсөтүү сынактарына катышып, ар бир этапта өздөрүнүн билимге, логикага, чыгармачылыкка жана биримдикке негизделген күчүн далилдешти.

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ” БИЛИМ БЕРҮҮ КОМПЛЕКСИНИН ГЕРМАНИЯДАГЫ ЖЕҢИШИЭң кубанычтуусу  биздин окуучулар бардык багыттар боюнча жогорку упай топтоп, командалык эсепте  биринчи орунду ээлеп, Баш байгеге татыктуу болушту.  Бул жеңиш мугалимдерибиздин үзүрлүү эмгегинин, окуучулардын тынымсыз аракети менен жигердүү даярдыгынын, ата-энелердин колдоосунун натыйжасы. Берлинде желбиреген Кыргыз желеги биздин келечек муундун күчү менен дүйнөлүк билим аренасында татыктуу орунга ээ боло аларынын айкын далили. Олимпиаданын жыйынтыгы менен уюштуруучулар тарабынан биздин окуучулар жана аларды  жетектеп барган   немис тили мугалимибиз Арыкбаева Диана тууралуу айтылган жылуу пикирлери, каалоо-тилектери бизди да өзгөчө кубантты, -дейт “Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин  директору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, “Даңк” медалынын ээси Гүлнара Дайырбекова.

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ” БИЛИМ БЕРҮҮ КОМПЛЕКСИНИН ГЕРМАНИЯДАГЫ ЖЕҢИШИМаселен, Берлин шаарындагы М. Ломоносов атындагы Эл аралык мектептин директору Марина Бурд мындай деп баса белгиледи:  “Билимге дилгир окуучуларды жетектеп келген өз кесибине  абдан берилген мугалим Арыкбаева Диана жана керемет балдар  бардык номинацияларда татыктуу ийгиликтерге жетишти. Мен алардын аракетин жана өнөрүн  суктануу менен баса белгилеп кеткем келет. Бул татыктуу жеңиш.”

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ” БИЛИМ БЕРҮҮ КОМПЛЕКСИНИН ГЕРМАНИЯДАГЫ ЖЕҢИШИМындан тышкары,  олимпиадага катышкан окуучуларга Германиянын маданиятын , тарыхын таанытуу максатында бир катар шаарларга экскурсиялар уюштурулуп, тарыхый маанилүү жерлерге, музейлерге барышты.

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ” БИЛИМ БЕРҮҮ КОМПЛЕКСИНИН ГЕРМАНИЯДАГЫ ЖЕҢИШИОлимпиаданы өткөрүүнүн максаттарынын бири эл аралык достукту чыңдоо, ынтымак мамилелерди бекемдөө болуп саналат.

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ” БИЛИМ БЕРҮҮ КОМПЛЕКСИНИН ГЕРМАНИЯДАГЫ ЖЕҢИШИКыргызстандын намысын бийик көтөргөн мыктыларга, аларды даярдаган мугалимдерге, ийгиликтерди жаратканга бардык шарттарды түзүп берген окуу жайдын жетекчилерине алкыш!

Кабыл Макешов

Бөлүшүү

Комментарийлер