КОЖОМКУЛ АЙЫЛЫНЫН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ОРТО МЕКТЕБИНДЕ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК КҮН
- 12.12.2025
- 0
Кожомкул айылынын Жалпы билим берүү орто мектебинде 12-декабрь Адабият күнү өзгөчө маанайда белгиленди. Бул күн 2011-жылдан бери адабият күнү катары белгиленип келет. Бул күн улуттук нарк-насилдин жана Чыңгыз Айтматовдун терең мурастарынын жайылышына өбөлгө түзүп, мектептин бүтүндөй жамаатын чыгармачылык дүйнөгө жетелеп турду.

Иш-чараны мектеп директору ачып, Айтматовдун адамзатты ойлондурган чыгармаларынын бүгүнкү муун үчүн тарбиялык жана руханий маанисин белгилеп өттү.
Андан соң 7-класстын окуучусу Манас айтып, залды баатырдык демге бөлөдү. Андан соң 9–10-класстын окуучулары “Айтматовдун каармандары” аттуу сахналык көркөм көрүнүштөрдү тартуулап, катышуучуларды жазуучунун дүйнөсүнө саякатка чыгарышты.

Иш-чаранын соңунда 6-класстын окуучулары «Мен уулумун баатыр кыргыздын» аттуу музыкалык чыгарма аткарып, улуттук рухту бийиктен жаңыртышты.
Адабият күнү — бул сөздүн сыймыгы, мурастын уландысы, аруулуктун баяны. Мектепте өткөн бүгүнкү маданий программа дал ушул маанини кайрадан жүрөккө бекемдеп берди.
(БК)








Комментарийлер