КОШ КЕЛ, БӨБӨКТАЙ!

  • 01.03.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинде иштеген кызматкерлердин балдарына ведомствонун ичинде “Бөбөктай”  балдар борбору ачылды. Бул идея билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага таандык.

КОШ КЕЛ, БӨБӨКТАЙ!

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, тээ 2000-жылдары ал АӨБ кенже курактагы балдарды өнүктүрүү долбоорунда координатор болуп иштеген учурунда биринчи жолу Нарын, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында үй-бүлөлүк бала бакчалар ачылган.

КОШ КЕЛ, БӨБӨКТАЙ!КОШ КЕЛ, БӨБӨКТАЙ!

— Мен биринчи күнү министр кызматына  келгенде балдар менен кошо жумушка келген кызматкерлерди көргөндө, ушул идея келди. Мамлекеттик кызматта иштегендерге иш күнү чектелбейт. Андыктан кээ бир учурда абдан кеч кеткенге туура келет. Команда менен ойлонуп, кызматкер айымдарга шарт түзүп берели деп чечтик. Балдар борборунун ичи балдардын өнүгүүсүнө ылайыкталып жасалды. Уктагысы келгендер жумшак матрацтарды салып эс алса болот. Бизди “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду колдоп,  KISB банкы каржылады, — деди министр.

КОШ КЕЛ, БӨБӨКТАЙ!КОШ КЕЛ, БӨБӨКТАЙ!

Балдар борбору  бардык мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде билим берүү уюмдарда түзүлүшү шарт экени айтылды.

— Бул борборду бардык мекемелерге биз модель, үлгү катары көрсөтөбүз. Башкалардан айырмачылыгы дуалдык система.  И.Арабаев атындагы КМУнун 3-курсунун студенттери бизден практикадан өтүшөт. Негизи 4-курстун студенттерин каржы төлөгөн практикаларга жөнөтөбүз. Бир жагынан окуп, бир жагынан практикадан өтүп, иштей беришет, — деди Д.Кендирбаева.

Андан соң министр келген балдарга кыскача сабак өттү. Илинип турган тамгаларды, сандарды, музыкалык аспаптарды сурап, жооп алды.

КОШ КЕЛ, БӨБӨКТАЙ!

Ырас, кичинекей бөбөктөр оюн аркылуу өнүктүрүлөт. Андыктан балдар борборунда  бардык шарттар түзүлгөн. Сыналгыда балдарга ылайыктуу жомоктор көрсөтүлүп, бешик ыры ырдалат. Энелери тынч иштеши үчүн видео камера орнотулган. Ал эми ар бир кызматкер баласына тамак-ашын үйүнөн даярдап келип, муздаткычка салып коет. Санитардык-гигиеналык норманы сактап, экологиялык жабдыктар менен камсыз болгон. Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоодо Баткенден сатылып келинген килем төшөлгөнү дагы баса белгиленди. Ошондой эле балдарга ылайыкталган полу жылытылган дааратканасы дагы ичинде.

Баса, жаңы Конституцияда мектепке чейинки балдарды өнүктүрүү боюнча беренени учурунда Догдуркүл Шаршеевна киргизгенин, бул анын эмгеги экенин айтып кетүү абзел.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер