КОРЕЙЛЕР ТАБИЯТТЫ КОРГООНУ ҮЙРӨТҮШТҮ

  • 27.08.2025
  • 0

Кореянын Кенги провинциясынан келген жаштар эки күн бою Чүй районунун Садовое айылындагы Иса Үкүев атындагы орто мектептин окуучуларына экологиялык иш-чараларды уюштуруп, жаратылышты коргоодо, сактоодо жетиштүү  тажрыйбасы бардыгын көрсөтүштү.

КОРЕЙЛЕР ТАБИЯТТЫ КОРГООНУ ҮЙРӨТҮШТҮ

— “Экологиялык билим берүү, эко-спорттук мелдештер жана мектеп чөйрөсүн жакшыртуу” аттуу корей долбоору  менен эки күн иштештик. Чүй районунан сунушталган 4 мектептин ичинен экөөсүн, анын ичинде биздин мектепти тандап алышты, – деди мектеп директору Венера Касмалиева.

КОРЕЙЛЕР ТАБИЯТТЫ КОРГООНУ ҮЙРӨТҮШТҮ

Мектеп жетекчисинин айтымында долбоордун биринчи күнү, 19- августта, коноктор окуучуларга экологиялык көйгөйлөр жөнүндө жалпы маалымат беришип, жаратылышты коргоонун маанисин  түшүндүрүшсө, андан кийинки күнү кызыктыруучу викториналарды өткөрүшүп, жергиликтүү окуучуларга айсайклинингди тааныштырып, керектен чыккан буюмдардан эко-сумкаларды жасоону үйрөтүшкөн. Корейлер  экологиялык жарышуу оюндарын мектептин спорт  аянтчасында өткөрүп,  “Үч бут” ,”Күзөтчү”, «Карточканы аңтаруу”,» Таамай атып кулатуу , ”Беш таш”  спорттук оюндарына жергиликтүү окуучулар активдүү катышкан.

КОРЕЙЛЕР ТАБИЯТТЫ КОРГООНУ ҮЙРӨТҮШТҮ

Бул күнү спорт залда да кызыктуу спорттук оюндар улантылып, жеңүүчүлөргө мармелад, печенье берилгенин, экологиялык иш-чаранын аягында мектеп алдына көп жылдык гүлдөр отургузулганын кабарлай кетели.

КОРЕЙЛЕР ТАБИЯТТЫ КОРГООНУ ҮЙРӨТҮШТҮ

— Бул долбоордон биздин балдар бизди курчап турган жаратылышты кантип коргоо керектигин аз болсо түшүнүштү. Мындан ары алар жаратылышка этият мамиле жасап, долбоордон алган билимдерин күнүмдүк жашоодо колдонушат деп ишенебиз, – дейт Венера Кемеловна.

КОРЕЙЛЕР ТАБИЯТТЫ КОРГООНУ ҮЙРӨТҮШТҮ

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер