ОШ БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУНДА “МЫКТЫ САБАК” СЫНАГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
- 30.11.2024
- 0
Ош билим берүү институтунда квалификациясын жогорулатуу курсуна келген мугалимдер арасында «Мыкты сабак» сынагы болуп өттү. Бул иш-чара мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жана чыгармачылык потенциалын өркүндөтүүгө багытталган.
Сынактын максаты алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды изилдеп, үйрөнүү жана жайылтуу, мугалимдерге моралдык колдоо көрсөтүү жана алардын мыкты практикаларын бөлүшүүгө шарт түзүү болду.
Таймашка курстун бардык тайпаларынан бирден суурулуп чыккан мугалимдер катышты. Ар бир мугалим өз сабагынан эң мыкты фрагментти 5-7 мүнөттүк презентация түрүндө сунуштады. Сынакта иштелмелердин актуалдуулугу, максаттуулугу, методикалык ыңгайлуулугу жана педагогдун чеберчилиги сыяктуу критерийлер боюнча баалоо жүргүзүлдү.
Жеңүүчүлөр калыстар тобу тарабынан аныкталып, эң жогорку упай алган катышуучулар ОшБИнин дипломдору жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Бул сынак курс угуучуларынын ортосунда тажрыйба алмашууга өбөлгө болуп, окутууда инновациялык ыкмаларды колдонууну шыктандыруу менен өзгөчөлөндү.
Комментарийлер