КОНДИТЕРЛЕР ТАЙМАШЫ
- 30.10.2018
- 0
Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде кондитердик азыктарды чыгаруу боюнча технологдордун мелдеши өттү.
Бул жолку мелдешке окуу жайдын студенттери менен биргеликте Кыргызстандагы эң алдыңкы кондитердик үйлөрдүн технологдору катышты.
Иш-чаранын максаты Кыргызстандын илимий чөйрөсүн колдоо жана окуу жайлар менен жеке секторлордун кызматташтыгын арттыруу, өндүрүүчүлөрдүн карым-катнашын жакшыртуу жана илим менен өндүрүштүн байланышын бекемдөө болуп саналат.
Турнирдин жеңүүчүлөрү Борбордук Азия боюнча өтө турган кондитерлердин мелдешине катышууга жолдомо алышты.
Бөлүшүү
Комментарийлер