КОМИТЕТ «БААТЫР ЭНЕЛЕРДИН» БАЛДАРЫНА БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ЖЕҢИЛДИК БЕРҮҮ ДЕМИЛГЕСИН КОЛДОДУ

  • 31.03.2026
  • 0

30-мартта Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү жөнүндө» токтом долбоору каралып, колдоо тапты.

КОМИТЕТ «БААТЫР ЭНЕЛЕРДИН» БАЛДАРЫНА БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ЖЕҢИЛДИК БЕРҮҮ ДЕМИЛГЕСИН КОЛДОДУ

Аталган демилгени депутаттар Медер Чотонов, Исманали Жороев, Бахридин Шабазов, Нуржамал Торобекова, Жылдыз Эгенбердиева, Гүлнара Баатырова, Эдита Тайгараева, Болот Сагынаев, Гүлсүнкан Жунушалиева жана Бактыяр Калпаев сунуштаган. Долбоорду жыйында демилгечилердин бири Медер Чотонов тааныштырды.

Анын айтымында, токтом долбоору «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин өзгөчө эмгегин таанууга, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууга жана билим алууга тең мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган. Ошондой эле бул демилге үй-бүлө институтун чыңдоого, энени жана баланы колдоого багытталган мамлекеттик саясатты күчөтүп, демографиялык өсүшкө өбөлгө түзөт.

Долбоордо негизги норма катары «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына менчигинин түрүнө жана статусуна карабастан жогорку окуу жайларда контракттык негизде окуусун төлөөгө 50 пайыздык мамлекеттик жеңилдик берүү каралган.

Талкуу учурунда финансы министринин орун басары Улугбек Календеров сунушталган жеңилдиктерди каржылоо маселесине токтолду. Ал министрликтин корутундусуна ылайык, мындай колдоону республикалык бюджетке кошумча тобокелдик жаратпоосу үчүн гранттык каражаттардын эсебинен гана каржылоо мүмкүн экенин билдирди.

Комитет мүчөлөрү демилгенин социалдык маанисин белгилеп, «Баатыр энелердин» балдарын колдоо зарылдыгын баса көрсөтүштү. Ошону менен катар эл өкүлдөрү долбоорду тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте дагы бир ирет карап чыгып, каржылык мүмкүнчүлүктөрдү эске алган компромистик вариант иштеп чыгуу керектигин айтышты.

Жыйынтыгында депутаттардан түшкөн сунуштарды жана тармактык министрликтердин корутундуларын эске алуу менен токтом долбоору колдоого алынды.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер