КОЛЛЕГИЯ: БАЙСАЛОВ ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА КУРЧ СЫН АЙТТЫ
- 12.02.2026
- 0
И.Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясы өтүүдө.

Коллегияда алгач Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго сөз берилип, жогорку билим берүү тармагына кескин сын-пикирин айтты.
Байсалов жаштар өлкөнүн келечеги экенине токтолуп, окуу жайларда балдар сапаттуу, заманбап билим алуусу керектигин белгиледи.
— Убакыт өтүп жатат бирок, мен эч кандай иштин жыйынтык көрбөй жатам. Ошондуктан бүгүнкү коллегияда өзүбүздү мактабай, конкреттүү эмне иштер аткарылганы тууралуу айтып бериңиздер. Биздин балдар дүйнөлүк талапка ылайык, заманбап билим алышы керек, — деди Байсалов.
Жыйындын жүрүшүндө ал жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө кеңири токтолуп, аткарылган иштер боюнча конкретүү суроолорун берүүдө.
Коллегияга Агартуу министри Д.Кендирбаева, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын ректорлору жана окутуучулары катышууда.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер