КОЛЛЕДЖ ОКУТУУЧУЛАРЫ ИШКЕРДИКТИ ОКУТУУНУН ЗАМАНБАП ЫКМАЛАРЫН ӨЗДӨШТҮРҮҮДӨ

  • 22.09.2022
  • 0

19-сентябрдан 21-сентябрга чейин колледждердин окутуучулары үчүн «Ишкердик жана ишкердик көндүмдөр» курсун окутуу боюнча семинар өткөрүлдү.

Алдыңкы тажрыйба борборлорунун окутуучулары “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” АӨБ долбоорунун алкагында 2019-жылдын июлунан 2021-жылдын май айына чейин этап түрүндө 3 тренингде “Ишкердик” курсун өздөштүрүшкөн. Курстун материалдары сын-пикирлердин негизинде такталып, “Ишкердик жана ишкердик көндүмдөр” окутуу модулунун негизи болуп калды. Курс билим берүү жана илим министрлиги тарабынан орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларын даярдоо үчүн сунушталган.

Семинардын тренерлери Г. Токушева жана Г. Шакиева баяндама, иш оюндары, топтук тапшырмалар, талкуулар аркылуу заманбап дидактикалык ыкмаларды, студенттердин ишкердик жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган окутуунун методологиясын тартуулашты. Бул семинар “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” АӨБ долбоорунун алкагында уюштурулду.

КОЛЛЕДЖ ОКУТУУЧУЛАРЫ ИШКЕРДИКТИ ОКУТУУНУН ЗАМАНБАП ЫКМАЛАРЫН ӨЗДӨШТҮРҮҮДӨ КОЛЛЕДЖ ОКУТУУЧУЛАРЫ ИШКЕРДИКТИ ОКУТУУНУН ЗАМАНБАП ЫКМАЛАРЫН ӨЗДӨШТҮРҮҮДӨ

КОЛЛЕДЖ ОКУТУУЧУЛАРЫ ИШКЕРДИКТИ ОКУТУУНУН ЗАМАНБАП ЫКМАЛАРЫН ӨЗДӨШТҮРҮҮДӨ КОЛЛЕДЖ ОКУТУУЧУЛАРЫ ИШКЕРДИКТИ ОКУТУУНУН ЗАМАНБАП ЫКМАЛАРЫН ӨЗДӨШТҮРҮҮДӨ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Бөлүшүү

Комментарийлер