КМУнун РЕКТОРУ ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮ КАБЫЛ АЛДЫ

  • 13.02.2024
  • 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан жаштар конгресси, «Агартуу лигасы» тарабынан уюштурулуп, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөн ЖОЖдор аралык “Акыл таймаш” жаштар кубогу интеллектуалдык оюнунда И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери 1-орунду багындырышты.

КМУнун РЕКТОРУ ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮ КАБЫЛ АЛДЫ

Оюнда Кыргыз мамлекеттик университетинин“Эрудит” командасынын мүчөлөрү: Сталбек Бекболотов, Сезим Майрамбекова (Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИ), Алина Асанбаева (МТМИ), Руслан Вахабов (ФМФ) эң көп упай топтоп, атайын кубок жана дипломдор менен сыйланышты.

КМУнун РЕКТОРУ ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮ КАБЫЛ АЛДЫ

12-февралда окуу жайдын ректору, профессор Айгүл Абдраева КМУнун “Эрудит” командасынын мүчөлөрүн кабыл алып, аларга ыраазычылыгын билдирүү менен ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын уюштуруучусу — “Агартуу лигасынын” жетекчиси, ТСУББИнин студенти Данияр Бекишов. Аталган конкурска жалпы 13 жогорку окуу жайдан командалар катышкан.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер