КМУнун окутуучулары ОшМУда туруктуу өнүгүү боюнча семинар өткөрдү

  • 01.12.2025
  • 0

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин М.Р. Рахимова атындагы кошумча кесиптик билим берүү институтунун окутуучулары Калыйбүбү Джунушалиева жана Дамира Шаршенова Ош мамлекеттик университетинде «Туруктуу өнүгүүнүн максаттары» темасында илимий-практикалык семинар өткөрүштү.

КМУнун окутуучулары ОшМУда туруктуу өнүгүү боюнча семинар өткөрдү

Иш-чарага ОшМУнун профессордук-окутуучулар курамы катышып, жогорку окуу жайларда дизайндык ой жүгүртүү ыкмаларын өздөштүрүү, аларды билим берүү процессине интеграциялоо жана туруктуу өнүгүү принциптерине негизделген педагогикалык инновацияларды ишке ашыруу боюнча тажрыйбалар сунушталды.

Семинар И. Арабаев атындагы КМУ менен ОшМУнун ортосундагы академиялык мобилдүүлүк келишиминин алкагында уюштурулду.

(БК)

Бөлүшүү

Комментарийлер