КМУда кереге отурум өттү

  • 23.05.2024
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУда “Кастык тилинен зомбулуксуз коммуникацияга” аталышында кереге отурум өттү
Ишеналы Арабаев атындагы КМУда жаштардын демократия шарттарына шайкеш жарандык позициясын калыптандырууда укуктук сабаттуулукту жогорулатуу жана этностор аралык мамилелерди эл аралык кызматташтыктын негизинде өнүктүрүү максатында “Кастык тилинен зомбулуксуз коммуникацияга” аталышында кереге отурум өттү.

КМУда кереге отурум өттү
Иш-чарага оку у жайдын ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Айгүл Абдраева катышып, жаштардын демократия шарттарына шайкеш жарандык позициясын калыптандырууда укуктук сабаттуулукту жогорулатуу жана этностор аралык мамилелерди эл аралык кызматташтыктын негизинде өнүктүрүү тууралуу ойлорун ортого салды.

КМУда кереге отурум өттү
Кереге отурумдун ишине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Уюштуруу жана тарбия иштери секторунун жетектөөчү адиси Алтынбек Эркимбеков, И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору, филология илимдеринин кандидаты, доцент Жайна Садыкбек кызы, КМУнун курам жетекчилери катышты.

КМУда кереге отурум өттү
Кереге отурумдун жүрүшүндө Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Кыргызстан тарыхы жана этнология кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору Каана Айдаркул “Конфликт жана аны конструктивдүү чечүү жолдору” темасында; Экономика жана менеджмент институтунун профессору, экономика илимдеринин доктору Эльдар Самигуллин “Кыргызстандын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнө акыркы окуялардын тийгизген таасири” темасы боюнча; Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнүн доценти, филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиева “Кастык тилинен зомбулуксуз коммуникацияга” темасынын тегерегинде; Педагогика жана психология институтунун Педагогика кафедрасынын профессордун м.а., педагогика илимдеринин кандидаты Миргүл Эсенгулова «Кыргызстандагы мультимаданияттуу жана көп тилдүү тарбия» темасында баяндамаларын жасашты.

КМУда кереге отурум өттү
Иш-чаранын маданий программасында Гуманитардык-педагогикалык колледжинин “Жаз” бийчилер тобу “Эсимде” жана “Түшүмдө” аттуу кыргыз бийлерин, Дизайн жана гуманитардык билим берүү бөлүмүнүн “Мурас” жана “Чыгыш” аталышында саркеч кийимдер коллекциясынын көргөзмөсүн тартуулады. Коллекциянын көркөм жетекчиси И. Арабаев атындагы КМУнун ГПКнын Дизайн жана гуманитардык билим берүү бөлүмүнүн окутуучусу Гүлзат Сагымбаева жана Батима Кызылтау.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер