КМУДА ИШ ЭРЕЖЕГЕ ЫЛАЙЫК ЖҮРҮҮДӨ
- 07.04.2020
- 0
И. Арабаев атындагы КМУда коронавирустан сактануу боюнча атайын штаб түзүлүп, эрежелерге ылайык иштер алып барылууда.
Университеттин бардык окуу имараттары, жатаканалары дезинфекциялоодон өттү. Буга чейин дозаторлуу антисептиктер университеттин бардык окуу имараттарынын, жатаканаларынын ар бир кабатына коюлган.
Ал эми окутуучулар учурда үйлөрүндө отуруп, студенттер менен онлайн шартында сабактарын үзгүлтүксүз уюштурууда. ZOOM, Classroom, Whatsapp, AVN аркылуу тапшырмаларды беришип, жоопторун алып, кайтарым байланыш кылышууда.
Бөлүшүү
Комментарийлер