КМУда эл аралык конференция өтүүдө

  • 12.09.2024
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Туруктуу өнүгүүнүн 4-максаты – билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жетишүү үчүн туруктуу өнүгүүдө билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” аталышындагы эл аралык 16-Азия-Тынч океанынын аймактык-эксперттик борборлорунун конференциясы өтүүдө.

КМУда эл аралык конференция өтүүдө

Иш-чарага Япония, Кытай, Монголия, Корея, Филиппин, Малайзия, Тайланд жана Россия Федерациясынан 35тен ашык эксперт катышууда.

КМУда эл аралык конференция өтүүдө

Конференциянын негизги максаты – сапаттуу билим берүү аркылуу квалификациялуу адистерди даярдоо менен өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуу. болуп саналат.

Туруктуу өнүгүү алкагындагы төрт максат: квалификацияны жана кесиптик даярдыкты өмүр бою жогорулатуу аркылуу билим берүү системасын өркүндөтүүгө багытталган.

КМУда эл аралык конференция өтүүдө

Конференциянын жүрүшүндө билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, билим алуунун ролун кеңейтүү жана маалыматтык окутуунун таасирин жогорулатуу боюнча маанилүү маселелер каралып, адистер пикир алышууда.

Бул иш-чара өлкөнүн жана аймактын билим берүү системасына чоң салым кошуп, маанилүү ролду ойнойт.

Бөлүшүү

Комментарийлер