КМУДА ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮҮДӨ

  • 15.05.2024
  • 0

Бүгүн, 15-майда И.Арабаеы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгынын алкагында педагогика илимдеринин доктору, профессор Жоомарт Байсаловдун 75 жылдыгына арналган “Билим берүүнү өнүктүрүүнүн заманбап векторлору: учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

КМУДА ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮҮДӨ

Конференциянын форматы гибриддик болгондугуна байланыштуу ага Россия, Казакстан жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын окумуштуулары катышууда.
Конференциянын максаты — билим берүү чөйрөсүндө болочок мугалимдерди жана тарбиячыларды даярдоонун актуалдуу маселелерин чечүү үчүн мейкиндикти түзүү, билим берүү жана илимий коомчулук тарабынан азыркы замандын приоритеттүү маселелерин, көйгөйлөрүн жана чакырыктарын, ааламдашуу шартында заманбап билим берүү системасынын мүмкүн болуучу тенденцияларын талкуулоо, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары менен алмашуу жана мугалимдердин билим берүү тармагындагы инновациялык тажрыйбалар менен таанышуу, ЖОЖдордун ортосунда жана «бала бакча – мектеп – ЖОЖ – квалификацияны жогорулатуу системасы» тутумунда педагогикалык кадрларды практикага багытталган даярдоо жаатында кызматташуунун келечегин аныктоо.

Эл аралык конференцияда физика-математика илимдеринин доктору, профессор, КР УИА академиги Алтай Бөрүбаев; педагогика илимдеринин доктору, профессор, КР УИА мүчө-корреспонденти Эсенбек Мамбетакунов; К.Д.Ушинский атындагы Ярославль мамлекеттик педагогикалык университетинин педагогикалык технологиялар кафедрасынын башчысы, РФнын ЖОЖ эмгек сиңирген ишмери, педагогика илимдеринин доктору, Людмила Байбородова; филология илимдеринин доктору, профессор, КР УИА мүчө-корреспонденти Сыртбай Мусаев; педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишенгүл Болжурова; Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Казак УИА академиги, Россиянын билим берүү академиясынын академиги, Эл аралык жогорку мектеп академиясынын академиги Алма Абылкасымова; педагогика илимдеринин доктору, профессор Дөөлөтбай Бабаев ж.б. белгилүү окумуштуулар катышууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер