КМУ СТУДЕНТТЕРИНЕ СЫНАК ЖАРЫЯЛАДЫ
- 26.04.2020
- 1
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети студенттер арасында окуу жай тууралуу “Уюткулуу окуу жайым — сыймыгым” аттуу эссе жазуу боюнча онлайн сынак жарыялады.
Сынак учурдагы пандемия шартында дистанттык технологияларды колдонуу менен жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүп билим-тарбия алып жаткан студенттердин чыгармачылыкка болгон кызыгуусун арттырууну, патриоттуулук, адеп-ахлак, маданий-интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүүнү жана өзүн-өзү таануусун камсыздоо максатын көздөйт. Сынакка катышууну каалагандар өзүнүн окуу жайындагы ардактуу устаты, “И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети — жаркын келечекке карай жол” жана “Билим гана адамды бийиктикке жеткирет” деген теманын бирөөнү тандап алып эссе жазышы керек.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө: 1-орунга нетбук, 2-орунга планшет, 3-орунга смартфон берилет жана 1, 2, 3-даражадагы дипломдор, кызыктыруучу сыйлыктар да күтөт. Жеңүүчү деп табылган студенттер атайын ректордук стипендия алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат жана мыкты деп табылган эмгектер атайын жыйнак болуп басмадан чыгарылып, университеттин сайтына, “Арабаев Пресс” гезитине жана башка массалык маалымат каражаттарына жарыяланат.
Комментарийлер