КМУ ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШЫН КЕҢЕЙТҮҮДӨ
- 27.10.2023
- 0
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Россиянын М.Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш Федералдык университети менен кызматташат.
Аталган университеттин өкүлдөрү 11-ноябрда Бишкекке келет. Анда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз улуттук университети менен кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлат. Россиялык делегациянын иш сапары алгач М.Аммосовдун эстелигине гүл коюу менен башталып, андан кийин КМУнун журналистика бөлүмү, Химия, биология жана география институту, Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту менен Түндүк-Чыгыш Федералдык университетинин тийиштүү факультеттеринин ортосунда Кызматташуу меморандумуна кол коюлат. Андан кийин Түндүк-Чыгыш Федералдык университетинин журналистика кафедрасынын башчысы Олег Сидоров студенттер, магистранттар жана окутуучулар үчүн М.Аммосовдун өмүр жолу, ишмердиги тууралуу лекция окуйт.
М.Аммосов белгилүү советтик мамлекеттик, партиялык кызматкер. Якутияда Совет бийлигинин орношуна, Якут АССРинин билим берүү тармагынын өнүгүшүнө опол тоодой салым кошкон агартуучу болгон.
Өз кабарчы
Комментарийлер