КМУ ЭЛ АРАЛЫК АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ

  • 23.07.2025
  • 0

Улуттук аккредитациялоо кеңешинин жыйынтыгы боюнча И. Арабаев атындагы КМУнун аккредитацияланган билим берүү программалары Аккредитацияланган программалардын реестрине жана Азия-Тынч океан чөлкөмүндөгү (DAQAR) аккредиттелген билим берүү программаларынын жана жогорку окуу жайларынын эл аралык маалымат базасына жайгаштырылды.

КМУ ЭЛ АРАЛЫК АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ

Университет ушул жылдын май айында  Кесиптик-социалдык аккредитациялоо улуттук борбору жана «Билим-стандарт» көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин тышкы эксперттик комиссиясы тарабынан  эл аралык аккредитациядан өткөн. Муну менен окуу жайдын аккредитациядан өткөн программалары беш жылдык мөөнөткө ишмердигин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Университеттин мындай күбөлүктү алуусу билим берүүнүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жогорку сапатынын кепилдиктерин, алардын эл аралык талаптарга шайкештигин ырастайт, окуу жайдын академиялык жагымдуулугун жана ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларынын натыйжалуулук деңгээлин жогорулатат.

КМУ ЭЛ АРАЛЫК АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ КМУ ЭЛ АРАЛЫК АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ

Аккредитациядан өткөн билим берүү программалары:

  1. Журналистика (бакалавр)
  2. Филология (бакалавр)
  3. Филологиялык билим берүү (бакалавр, PhD)
  4. Теология (бакалавр, PhD)
  5. Техникалык билим берүү (бакалавр)
  6. Социалдык-экономикалык билим берүү (бакалавр, PhD)
  7. Табигый-илимий билим берүү (бакалавр, PhD)
  8. Химия (бакалавр)
  9. Биология (бакалавр)
  10. Педагогика (бакалавр, PhD)
  11. Менеджмент (тармактар боюнча) (бакалавр, PhD)
  12. Экономика (бакалавр, PhD)
  13. Мейманкана иши (бакалавр)
  14. Аймак таануу (бакалавр)
  15. Эл аралык мамилелер (бакалавр)
  16. Лингвистика (бакалавр)
  17. Компьютердик лингвистика (бакалавр, PhD)
  18. Физика-математикалык билим берүү (бакалавр, PhD)
  19. Китепкана иши жана документ жүргүзүү (бакалавр)
  20. Прикладдык информатика (PhD)
  21. Психология (бакалавр, PhD)
  22. Көркөм билим берүү (бакалавр)
  23. Костьюмдун жана текстиль искусствосу (бакалавр)
  24. Социалдык кызмат (бакалавр)
  25. Жаратылышты пайдалануу жана экология (бакалавр)
  26. Дизайн (бакалавр)
  27. Укук таануу (Орто кесиптик билим)
  28. Коомдук тамактануунун прдокуциясынын технологиясы (Орто кесиптик билим)

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер