КМТУда ISO 9001:2015 эл аралык стандарты боюнча семинар башталды
- 22.01.2026
- 0
2026-жылдын 21-январында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети эл аралык сертификация программасынын алкагында ISO 9001:2015 сапат менеджментинин эл аралык стандарты боюнча адистештирилген семинар башталды.

Семинарга университеттин жетекчилиги, структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери жана жооптуу кызматкерлер катышууда.
Семинардын максаты — ISO 9001:2015 стандартынын талаптарына ылайык сапат менеджменти системасын киргизүү жана өнүктүрүү боюнча практикалык билимдерди берүү, ошондой эле университетти эл аралык сертификациядан ийгиликтүү өткөрүүгө даярдоо.
Биринчи күнү стандарттын негизги талаптары, тобокелдикке багытталган ой жүгүртүү принциптери жана сапатты камсыздоодо жетекчиликтин ролу талкууланды.
Семинарды эл аралык сертификациялоочу уюм — «Эй Джей Эй Регистрарс Си Ай Эс» ЖЧКнын (Санкт-Петербург шаары) алдыңкы аудиторлору өткөрүүдө.




Комментарийлер