КМТУ кызматташтыгын чыңдоодо
- 19.11.2024
- 0
Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Казакстандын Аймактык инновациялык университетинин өкүлдөрү жолугушуп, академиялык мобилдүүлүк мүмкүнчүлүктөрүн, биргелешкен илимий конференцияларды өткөрүү, изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу жана окуу жайларынын материалдык-техникалык базасын өркүндөтүү боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.
Жолугушууга КМТУнун атынан ректор М.К. Чыныбаев, санариптештирүү боюнча проректор Маданбеков Н.Ж. жана эл аралык бөлүмдүн башчысы Бакытов Р.Б. катышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында, илимий-билим берүү кызматташтыгын чыңдоого жана адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга арналган негизги багыттар аныкталды.
Бөлүшүү
Комментарийлер