КМТУ Улуттук статистика комитети менен кызматташат

  • 19.02.2025
  • 0

КМТУ жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети кызматташуу боюнча келишимге кол койду.

КМТУ  Улуттук статистика комитети менен кызматташат

Иш-чарага аталган окуу жайдын ректору Мирлан Чыныбаев, Жогорку экономика жана бизнес мектебинин директору Сыдыкова Чолпон жана «Экономикадагы маалыматтык системалар» кафедрасынын башчысы Марат Жапаров катышты.

Кызматташуунун максаты — илимий жана практикалык статистиканын өз ара аракеттенишин өнүктүрүү, ошондой эле статистика, бизнес-аналитика жана санариптик технологиялар тармагында терең билимге ээ адистерди даярдоо.

КМТУ  Улуттук статистика комитети менен кызматташат

Келишимдин алкагында КМТУда «Бизнес-аналитика жана статистика» жаңы профили түзүлдү. Ал чоң маалыматтар менен иштөө жана заманбап талдоо ыкмаларын колдонуу жөндөмүнө ээ жогорку квалификациялуу адистерди даярдоону караштырат. Бул профилдин ачылышы өлкөдөгү статистика тармагында кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө маанилүү кадам болуп саналат.

Айдана МАМАТБЕРДИЕВА,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер