КМТУ коррупция менен күрөшөт
- 23.01.2025
- 0
Жолугушуунун негизги максаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы коррупцияга каршы чаралар тууралуу түшүндүрүү болду. Иш-чаранын жүрүшүндө ректор М.К. Чыныбаев университетте коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иштер, санариптештирүү жана студенттер менен администрациянын ортосундагы өз ара иштешүү тууралуу маалымат берди.
Ал ошондой эле Студенттерди тейлөө борборлорун киргизүү, маалыматтык системаны өнүктүрүү, ички аудитти ишке киргизүү жана университеттин иш процесстеринин айкындуулугун камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чараларды белгиледи. Университеттин студенттик коомчулугу менен жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын маани-берүүсүн дагы айтып өттү.
Иш-чаранын соңунда УКМКнын кызматкерлери коррупцияга каршы күрөшүүдө ар бир жаран өз жоопкерчилигин сезиши керектигин баса белгилешти. Мындай иш-чаралар университеттин башка кампустарында да өткөрүлүп, билим берүү чөйрөсүндө адилеттүүлүктү жана ачык-айкындуулукту камсыз кылууга багытталган.
Комментарийлер