КММИУНУН СТУДЕНТТЕРИ ТАШКЕНТТЕН БИЛИМ АЛАТ

  • 14.09.2023
  • 0

Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство унивеситетинин ректору Түмөнбай Колдошев менен Өзбекстан мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Элдар Шерманов менен келишим түздүк.

КММИУНУН СТУДЕНТТЕРИ ТАШКЕНТТЕН БИЛИМ АЛАТ

Келишимге ылайык, кыска мөөнөттүү грим боюнча окууга эки орун берилди.  Диссертациялык кеңеш ачылганда искусство таануу, культурология багыты боюнча окумуштууларын мүчө болууга макулдашуу орун алды. Алмашуу программасынын негизинде окутуучулар менен студенттер окууга, мастер класска барат.  Студенттик фестивалдар, спорттук жана маданий иш-чаралар, илимий симпозиумдар биргелешип өткөрүлөт ж.б.

Окуу жайдын тарыхында биринчи жолу 1-октябрда Ташкенттеги искусство институтуна театр факультетинен беш студенти жөнөтүлөт.  Келечекте кинооператор, режиссёр, актёр, сценарист, менеджмент, эстрада сыяктуу адистиктердин студенттери алмашуу программасынын алкагында өнөр үйрөнүп, билим алышат.

Айгерим.Токтобаева, «кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер