КММИУ 10 МЫКТЫ МЕКЕМЕНИН КАТАРЫНДА  СЫЙЛАНДЫ

  • 12.02.2025
  • 0

 Б.Бейшеналиева атындагы КММИУ Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча маданият жана спорт тармагындагы 10 мекеменин катарында сыйланып, 150 миң сом өлчөмүндө сыйлыкка ээ болду.

КММИУ 10 МЫКТЫ МЕКЕМЕНИН КАТАРЫНДА  СЫЙЛАНДЫ

Маданият министри Алтынбек Максутов өз сөзүндө министрлик маданият жана спорт мекемелеринин арасында атаандаштыкты күчөтүп, жогорку натыйжаларга жетүүгө шыктандыруу зарылдыгын баса белгиледи.

КММИУ 10 МЫКТЫ МЕКЕМЕНИН КАТАРЫНДА  СЫЙЛАНДЫ

Төмөнкү маданий мекемелер сыйланды:

  1. Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармония;
  2. Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук орус драма театры;
  3. Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети;
  4. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы Театр окуу жайы;
  5. Пётр Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектеби;
  6. Карамолдо Орозов атындагы Балдар искусство мектеби (Чолпон-Ата ш.);
  7. «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей комплекси;
  8. Ош облусунун Араван райондук Маданият үйү;
  9. Токтогул Сатылгановдун мемориалдык үй-музейи (Жалал-Абад облусу);

10. Кара-Кулжа районунун Борборлоштурулган

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

Комментарийлер