КММА: 12 ЖЫЛДЫК ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТҮҮ МАСЕЛЕСИН КАРАДЫ

  • 20.03.2024
  • 0

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын Башкы окуу-методикалык комитетинин (БОМК) жыйынында жалпы 12 жылдык орто билим берүүгө өтүү маселеси каралды.

КММА: 12 ЖЫЛДЫК ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТҮҮ МАСЕЛЕСИН КАРАДЫ

Маалыматка таянсак, жыйында орто мектепте билим берүү алты жаштан башталаары, башталгыч билим берүү 1-класстан 5-класска чейин (6 жаштан 10 жашка чейин), негизги орто билимге 6-9-класстын окуучулары (11-14 жаш) жана жыйынтыктоочу этап 10-11-12-класстарда (15-17 жаш)  окуучуларга аларды кызыктырган дисциплинардык багыттар боюнча адистикти тандап алуу мүмкүнчүлүгү жана кесипке багыттап окутуу каралганы тууралуу айтылды.

КММА: 12 ЖЫЛДЫК ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТҮҮ МАСЕЛЕСИН КАРАДЫ

“Физикалык жактан бүтүрүүчүлөрдүн жаш курагы өзгөрбөйт, ошол бойдон калат. Бул бала бакчадагы даярдоо топторунун балдары мектепке кирет дегенди билдирет. Мурдагы «нөлдүк класс» эми биринчи класс болот. Учурда Кыргызстанда нөлдүк класста билим берүү расмий түрдө жүргүзүлүүдө”, — деген маалымат жыйында белгиленди.

ГУМКнын катышуучулары нөлдүк класста жана бала бакчанын даярдоо топторунда балдар тамгаларды жана санаганды билишет деген пикирлерин айтып, биринчи класста бул программаны кайталоонун эч кандай пайдасы жок экенин билдиришти.

Талкууга ректор, профессор Индира Кудайбергенова, эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктөрүү боюнча проректор, профессор Гүлмира Жумалиева, декандар жана башка окуу жайдын кызматкерлери катышты.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер