Өкмөт менчигинин түрүнө карабай бала бакчанын баарына камера орнотууну тапшырды

  • 17.01.2025
  • 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менчигинин түрүнө карабай өлкөдөгү бала бакчанын баарына видеокамера орнотууну тапшырганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Камера орнотуу чечими бала бакчалардагы коопсуздук чараларын күчөтүү, тарбиячылар менен ата-энелердин ортосундагы ишенимди арттыруу жана тартипти камсыздоо максатында кабыл алынганы айтылды.Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин видеокамера аркылуу көзөмөлдө маселеси Сузактагы бала бакчада тарбиячылардын балдарды урганы аныкталгандан кийин көтөрүлгөн.

Министрликтин маалыматы боюнча, өлкөдө бала бакчалардын 63 пайызы видеокөзөмөл менен камсыз болгон.

Бөлүшүү

Комментарийлер