КЛАСС ЖЕТЕКЧИМ
- 29.07.2025
- 0
Шарапат эжеке бизге математиканы окуткан. Энелик өргүүдө эки жылдай тыным алганын эске албаганда, төртүнчүдөн баштап мектепти бүткүчө класс жетекчибиз болду. Класс жетекчи деген илим-билим берип гана чектелбей, таалим-тарбияң, адеп-ахлагың, жан дүйнөң, руханий, психологиялык жактан жетилүүң, ар кандай жеке маселелериң менен да алек болот тура.
Кубанып турганда — сырдашың, капаланган кезде — муңдашың, максатка карай жолдо — сапарлашың, тилектешиң, жеңиштерге, ийгиликтерге дем берген — пикирлешиң, насаатчың, аша чапсаң — калыбыңа кайтарар эскертүүчүң. Шарапат эжеке бул миссиялардын ар биринин майын чыгара аткарды. “Тоолордун бийик жери — ортолугу” дегендей ар тараптан ортолукту карманчу. Өтө сүйүнгөнүн да, катуу капаланганын да билдирчү эмес. Аша чаап мардайта мактап, же ачуу, катуу айтып назарды сындыруудан алыс эле. Кандай жагдай болбосун токтоолук менен акыл калчап ой айтчу, пикир билдирчү.
Сүйүнгөнүн да, күйүнгөнүн да сөзүнөн мурда көзү айтчу. Кээде шоктук, тентектик кылып кармалсак, кабагын чыта сүрдүү тиктеп, унчукпай басып кетчү. Башкасын билбейм, бирок, мага ошонусу камчы менен жонума тартып-тартып жибергенден да катуу тийчү. Кээ бир алешемдигибиз үчүн тишин кашкайта жылмайып мээрим төгө тиктеп уялтчу. Ар бир окуучу — кулпуланган сыр сандык. Эжеке баарынын ачкычын жана жандырмагын тапкан. Алдыга суурулгандарына караганда артта калгандарын көбүрөөк сүйөп, сүрөөчү. “Сабакты билбейсиң, мындан эмнең кем?” деген сыяктуу шакты сындырчу сөздөрдү айтпай, жылуу мамилеси, жумшак сөзү менен шыктандырчу. Ийгиликтерибизге ачылып-чачылбай, төгүлүп-сөгүлбөй купуя кубанчу. Тили унчукпаса да, дили жаркып, мээрими көлкүгөнүн көзү, жүзү айтчу. Кыйынчылыктарыбызга кошо толгончу, ойлончу, кыжаалат болчу. Ошон үчүн эжекени баарыбыз сыйладык, сүйдүк, кастарладык. Сөзүн эки кылбаска далалаттандык.
Бир жолку тарбиялык саатта: — Мен класс жетекчиликти тапшырам. Ордума башка бирөөнү суранам, — деди. Айып артынан айып жасап чарчатканыбызды, таарынканыбызды түшүнүп, моюндап: — Эжеке, кетпеңиз, — деп сурандык. Ошол сурануубуз — оңолууга, жакшырууга берген убадабыз эле. Бала экенбиз: кайра эле шоктонобуз, сабактан кечигебиз, тартип бузабыз… Мектептин соңку жылдары бат чоңойдук, өткөөл курактан өттүк, эсирдик, көптүк. Далай шойкомдун ичинен чыктык. Шарапат эжеке баарына чыдады. Ошого жараша көз алдыбызда Ала-Тоодой аброй күттү. Баарыбыздын сыйыбызга, сүйүүбүзгө ээ болду.
Эжеке бала төрөп, чоңойткону энелик эс алууга кеткен жылдары кыздардын “Шарапат эжекени сагындым” дегендерин көп уктум. “Качан жумушка чыгат?” деп зарыга күттүк. Эжекенин акылман устаттыгы менен ооматтуу класс аталдык. Мектептеги кароо-сынактарда, жарыштарда биринчиден түшпөдүк. Күлүгүбүз — Улан, арген үндүү ырчыларыбыз — Бурулкан, Өлмаскан, Кайрат, волейбол, баскетбол чеберлери — Аширали, Гүлзат, Айжаркын, орус тилинде түш жоругандар — Назгүл, Адашкан, калеми курчубуз — Миргүл, куудулубуз — Улук, футболчуларыбыз — Эмил, Азамат, Улан, шахматчыларыбыз — Элмира, Аширали. Айтор ар багытта топ жаргандарыбыз бар. Бир муштумдай биригип, бир ишке киришкенибизде тоо томкорчудай демге ээ элек.
Эжеке мени 1989-жылы эл аралык “Артек” пионер лагерине сыймыктанып узатты. 1993-жылы республикалык олимпиададан жеңгенимде жетине албай кубана тосуп алды. Бир жолу классташ балабыз бир кызыбызга аша чаап тийишип, ыйлатып алды. Көргөн башка кыздар бул кабарды төкпөй, чачпай класс жетекчибизге менин көзүмчө жеткиришти. Эжеке албууттана ачууланат деп кооптондум. Бирок, ал жаркылдап күлүп, унчукпай сыртка чыгып кетти. Баланы урушкан да, уяткарган да жок. Укмаксан, билмексен болуп унуткарды.
Көрсө, эжеке курак психологиясын мыкты билет тура. Ал жылдары кыздарга карата сезимдерибиз ашкере болсо катуу арданмакпыз, уялмакпыз, көңүлүбүз сынмак.
Акыркы жылдары эжеке бизге аябай жакшы мамиле жасады. Көп маселени өзүнө мүнөздүү кем сукандык (сөзгө сараңдык) менен күлүп-жайнап жайгарды. Шарапат эжекенин ыйлаганын бир гана жолу көрдүм. Мектепти бүтүп баратканыбызда көзүнө жаш алды. Биз анын окуучулары эмес эле өз балдары сыяктуу болуп калган элек. Учкан уябызды таштап, чилдей таркап баратып сүйүктүү класс жетекчибизге кош деп айтуу бизге да жеңил болгон жок. Андан бери отуз бир жыл өттү. Эжекемеден кабар алып бардым. Дале ошондой жаш, жигердүү көрүнөт. Бар, болуңуз класс жетекчим!
Нуржигит Кадырбеков,
жазуучу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Кара-Кулжа районунун 1-май айылындагы Алмаз Субанов атындагы орто мектептин 1994-жылкы алтын медаль менен бүтүрүүчүсү
Комментарийлер