«КИТЕП СААТЫ» ДОЛБООРУ
- 22.11.2024
- 0
№32 Бекназар атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 2-класстын окуучулары үчүн «Тоо балдары» коомдук фонду тарабынан «Китеп сааты» долбоорунун алкагында, айылдын чыгаан уулу Советбек Назаралиев агайдын демилгеси менен ар бир балага жомок китептер берилди.
Бул долбоордун максаты — 2-класстын окуучуларына өз алдынча китеп окутуу жана андан ары өнүктүрүү.
Бул долбоор төмөнкүлөрдү эске алат: берилген китептерди толук жана таза кармоо; чейрек сайын берилген жомок китептерди балдарга таркатуу; чейрек жаңырганда мурунку чейректе берилген китептерди алып, жаңы келген жомок китептерге алмаштырып берүү; активдүү катышкан окуучуларга белектерди берүү.
Эске салсак бул долбоор ушул жылдын 15-сентябрь күнү ишке кирген. Ошол күнү 1-чейрек үчүн жомок китептер берилген.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер