КИТЕП СҮЙҮҮЧҮЛӨР МАЙРАМЫ

  • 17.02.2026
  • 0

Китепти белекке берүү күнүнө арналган кызыктуу иш-чара жакында энергетиктердин шаары Кара-Көлдө болуп өттү.

КИТЕП СҮЙҮҮЧҮЛӨР МАЙРАМЫ

Таасирдүү иш-чараны «Мурас» адабий-чыгармачылык коомдук бирикмеси уюштуруп, бул кечеге Ч.Түлөбердиев атындагы жалпы билим берүү инновациялык мектебинин мугалими Осмонкулова Бурма жетектеген 5-«б» классынын окуучулары катышты. Белгилүү болгондой, китөпкөйлөрдүн күнүнө айланган бул майрам өлкөбүздө 2012-жылдан бери белгиленип келет. Майрамды АКШдагы мектеп китепканачысы, балдар китептери сайтынын негиздөөчүсү Эмми Бродмур айым демилгелеген. Анын уулдарынын бири: «Эмне үчүн адамдар бири-бирине китеп белек кыла турган майрам жок?» ·  деп сураганда, апасы бул идеяны көтөрүп чыгып, аны дүйнө эли колдогон. Китеп белекке берүү күнү учурда 40тан ашык мамлекетте белгиленип келет. Китеп окуу боюнча 112 мамлекеттин ичинен Кыргызстан 97-орунда турат.
Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө окуучулар китепти сактоо жана даңазалоо тууралуу ырларды көркөм окушуп, китеп жөнүндө макал-лакап, учкул сөздөрдү жатка  айтышып, «Китептин кадыры» дегенди сахналаштырып беришти. Ал эми Кара-Көл шаардык борборлоштурулган китепкананын кызматкерлери балдарга китептин жаралышы тууралуу видеоролик көрсөтүштү. Аягында өзгөчөлөнгөн катышуучуларга  белекке китептер берилип, грамоталар тапшырылды.
Азыркы компьютердик технологиялардын, интернет булактарынын заманында телефондон колу бошобой, китеп окубай калган жаштарды китеп окууга кызыктырып, китеп окуунун маданиятына үйрөтүп, жоопкерчилигин күчөтүү максатында өткөрүлгөн бул иш-чара акылдын жана руханий дүйнөнүн майрамы катары балдардын эсинде калды.

КИТЕП СҮЙҮҮЧҮЛӨР МАЙРАМЫ

   Байыш МҮСҮРАЛИЕВ, Кара-Көл шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер