КИМ ОКУСА «КУТ БИЛИМ», АЛ ЧЫНЫГЫ МУГАЛИМ

  • 19.12.2025
  • 0

Учурда “Кыргыз почтасынын” бардык бөлүмдөрүндө “Кут Билим” медиа борборунун алдындагы басылмаларга келерки 2026-жылга жазылуу кызуу жүрүүдө. Билим берүүнүн сапатын жогорулатууда мугалимдин үзгүлтүксүз изденүүсү, тажрыйба алмашуусу жана ишенимдүү маалымат булактарына таянуусу өзгөчө мааниге ээ. Мындай шартта аталган гезит ар бир мугалимдин жардамчысы, кеңешчиси, маалымат айдыңы катары тынымсыз кызмат көрсөтүп келет. Ошондуктан “Кут Билим” гезити көп жылдардан бери педагогдордун сүйүктүү гезитине айлана алды. Төмөндө “Кут Билимдин” активдүү окурмандарынын ой-пикирлери жана колдоолоруна орун бердик.

Гапыр Мадаминов, КР эмгек сиңирген мугалими:

КИМ ОКУСА "КУТ БИЛИМ", АЛ ЧЫНЫГЫ МУГАЛИМ

-“Кут Билим” гезити биз үчүн кечээ же бүгүн гана пайда болгон басылма эмес, көп жылдардан бери тажрыйба топтоонун, сапаттуу маалымат алуунун, инновациялык ыкмаларды өздөштүрүүнүн жана аларды жайылтуунун негизги каражаты болуп келе жатат.

Гезит беттеринде мамлекеттик жана улуттук билим берүү стандарттары, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү, Сингапур методдору, санарип мугалимдин ролу, заманбап мугалимдин жүзү тууралуу эң так, ишенимдүү жана практикалык мааниси бар материалдар жарыяланып келет. Бул маалыматтар ар бир педагогдун кесиптик изденүүсүнө багыт берип, сабактын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

“Кут Билимдин” дагы бир өзгөчө баалуулугу – жети дубандан, алыскы элеттерден чыккан катардагы мугалимдердин педагогикалык устаканасында бышкан тажрыйбаларынын чагылдырылышы. Реалдуу мектеп турмушунан алынган бул материалдар мугалимдер үчүн баа жеткис байлык болуп саналат.

Ошондуктан жети дубандын мугалимдери бул гезитти издеп, сүйүп окушу керек. Анткени тажрыйбага таянган, жаңылыкка жол ачкан “Кут Билимди” окуган мугалим-изденген, өсүүгө умтулган жана ийгиликке жеткен мугалим.

Ким окуса “Кут Билим”,

Ал ийгиликтүү мугалим!

Тилектеш Ишемкулов, БМУнун профессору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери:

КИМ ОКУСА "КУТ БИЛИМ", АЛ ЧЫНЫГЫ МУГАЛИМ

— Азыркы «Кут Билим» гезити совет доорунан бери мугалимдер үчүн талашып окулган, руханий жана кесиптик жактан байыткан улуу мурас катары жашап келе жатат. Бул басылма жөн гана тармактык гезит эмес, коомдун ой жүгүртүүсүн чагылдырган, мезгил менен кошо өнүгүп, жаңыланып турган көп багыттуу, көп форматтуу, көп катмарлуу маалымат булагы.

Гезиттин беттеринде билим берүү, тарбия жана илим маселелери менен катар эле республикада жүрүп жаткан олуттуу өзгөрүүлөр, экономикалык процесстер, маданий турмуш, коомдук-саясий окуялар жана эл аралык маселелер кеңири чагылдырылат. Айрыкча дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө билим берүү системалары кандай нукта өзгөрүп жатканы, кайсы ыкмалар ийгиликтүү колдонулганы тууралуу маалыматтар мугалимдер үчүн баа жеткис тажрыйба болуп саналат.

Ошондуктан бул гезит ар бир педагог үчүн кесиптик жол көрсөтүүчү, ой сергиткен ишенимдүү булак. Ким «Кут Билимди» тынымсыз окуса, ал заман менен тең кадам таштаган, чыныгы мугалим!

Салтанат Бейшенова, Талас облустук билим берүү усулдук борборунун директору:

КИМ ОКУСА "КУТ БИЛИМ", АЛ ЧЫНЫГЫ МУГАЛИМ

— “Кут Билим” гезити билим берүү тармагындагы жаңылыктарды ыкчам берүүдө, педагогикалык тажрыйбаларды жайылтууда жана заманбап усулдарды өздөштүрүүдө бул басылманын орду өзгөчө.

Ар бир мектепте, ар бир мугалимдин колунда “Кут Билим” болушу керек. Анткени бул – сапаттуу билимге карай жасалган ишенимдүү кадам.

Ушуга байланыштуу бардык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин, педагогикалык жамааттарды бул демилгени активдүү колдоого жана басылмага өз убагында жазылууга чакырабыз.

Бирге өнүгөлү,

бирге жаңыланалы,

бирге сапаттуу билимди куралы!

АР БИР МУГАЛИМДИН ПИКИРИ “КУТ БИЛИМДИН” БАШКЫ БАГЫТЫ

“Кут Билимдин” фейсбуктагы баракчасына төмөндө сунушталып жаткан пикирлерди ар кайсы тармакта эмгектенген агартуучулар, коомдук активисттер жана билим берүүгө кайдыгер карабаган жарандар. “Кут Билим” гезитине болгон баасын, ишенимин жана колдоосун байма-бай жазып, басылмабызды бийик баалашууда. Бул ой-толгоолор басылманын бүгүнкү коомдогу ордун, мугалимдер үчүн маанисин жана жалпы билим берүү мейкиндигиндеги ролун айкын чагылдырып турат. Төмөндө биз ал пикирлердин айрымдарына орун бердик.

Мариза Эсенканова:

— “Кут Билим” газетасы бүгүнкү күндөгү ар бир мугалимдин көйгөйлүү суроолоруна жооп берген бирден-бир маалымат булагы деп эсептейм. 12 жылдык билим берүү программасы санариптештирүү талабына ылайык мугалимден чоң жоопкерчилик талап кылынууда.

«Мен балдарга билим берүүчү, тарбия берүүчү кесиптин ээсимин» деген ар бир агартуучу үчүн зарыл болгон көптөгөн пайдалуу маалыматтарды ушул гезиттен табууга болот.

Айрыкча, «Ким окуса “Кут Билим”, Ал чыныгы мугалим!» деген ураан менен жүрүп жаткан жазылуу мага өзгөчө таасир калтырды. Бул гезитти окуган мугалим өзүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатып, замандын ыргагына жараша өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алат. Демек, “Кут Билимге” жазылуу акылга сыярлык, туура чечим.

Мурат Касымалиев:

— Урматтуу кесиптештер!

Бүгүнкү күндө билим берүү тармагында ири реформалар, жаңы стандарттар, жаңы окуу китептер жана санариптик билим берүү чөйрөсү мугалимден үзгүлтүксүз изденүүнү, так жана ишенимдүү маалымат менен иштөөнү талап кылууда.

Мындай шартта “Кут Билим” гезити жөн гана басылма эмес, агартуучулар үчүн коомдук-педагогикалык трибуна, методикалык кеңешчи жана ишенимдүү маалымат булагы болуп калды.

Гезит беттеринен билим берүү саясаты боюнча акыркы чечимдерди, жаңы стандарттардын түшүндүрмөсүн, мыкты мугалимдердин тажрыйбасын, билим берүү уюмдарынын алдыңкы ишмердүүлүгүн жана аналитикалык макалаларды таап окуйбуз.

“Кут Билимге” жазылуу бул өз кесибиңди, өз тармагыңды жана өлкөнүн билим берүү системасын колдоо. «Ким окуса “Кут Билим”, Ал чыныгы мугалим!» деген ураан бүгүн өзгөчө мааниге ээ деп эсептейм.

Чолпонбек Тиленбаев:

— Бүгүнкү билим берүү тармагында жүрүп жаткан реформалар саясий, экономикалык жана социалдык жактан жалпы коомчулуктун колдоосун талап кылган ири процесс. Ушундай шартта “Кут Билим” гезитинин ролу өтө чоң.

Мугалимдердин жана агартуу мекемелеринин алдыңкы иш тажрыйбалары чагылдырылып, коомдо реформаларга карата туура көз караштын калыптанышына өбөлгө түзүлүүдө. Ошондуктан “Кут Билим” жеке эле мугалимдердин эмес, билимге кайдыгер карабаган ата-энелердин, келечек жөнүндө ойлонгон ар бир жаран үчүн керектүү гезит болушу керек деп ойлойм.

Гүлжан Исаева:

— “Кут Билим” газетасы көп жылдан бери өзүнүн баалуулугун жоготпой келе жатат. Белгилүү профессорлордун, илим докторлорунун, кандидаттардын макалалары мугалимдер үчүн абдан маанилүү.

Эгер мүмкүн болсо, ар бир билимдүү болом деген кыргыз жараны бул гезитке жазылып, үзгүлтүксүз окуусу керек. Жеке өзүм “Кут Билимге” жазылам жана башкаларды да жазылууга үндөйм.

Мирлан Дүйшөнбаев:

— Айрымдар “Кут Билим” гезитин мугалимдер гана окуйт деп ойлошот. Бирок билим берүү маселелери ар бир үй-бүлөгө тиешелүү.

Бул гезитти мектепте балдары окуган же келечекте окуй турган ар бир ата-эне жазылып окушу керек. Анткени анда билим берүү, таалим-тарбия, илим менен катар руханий, маданий, адеп-ахлактык баалуулуктарды камтыган макалалар да кеңири орун алат.

“Кут Билим” ар бир үйдө турчу гезит. Баласынын келечегин ойлогон ата-эне бул басылманы окуп, билим берүү тармагындагы жаңылыктардан кабардар болуп турушу зарыл.

Даярдаган Бурулкан КЕНЖЕБЕКОВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер