КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРГЕ “Э-КҮНДӨЛҮК” САНАРИПТИК СИСТЕМАСЫ КИРГИЗИЛҮҮДӨ

  • 15.10.2025
  • 0

Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева №98 кесиптик лицейинде “Э-Күндөлүк” электрондук күндөлүгүн ишке киргизүү процесси менен таанышты.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРГЕ “Э-КҮНДӨЛҮК” САНАРИПТИК СИСТЕМАСЫ КИРГИЗИЛҮҮДӨ

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары лицейлерге “Э-Күндөлүк” программасын киргизүү студенттердин санын так аныктоого, алардын сабакка катышуусун көзөмөлдөөгө жана окутуунун жалпы сапатын талдоого мүмкүндүк берерин белгиледи.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРГЕ “Э-КҮНДӨЛҮК” САНАРИПТИК СИСТЕМАСЫ КИРГИЗИЛҮҮДӨ

— Санариптик платформаны пайдалануу мамлекеттик бюджеттен кесиптик лицейлерди өнүктүрүүгө багытталган каражаттардын пайдалануу натыйжалуулугун ачык-айкын мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет, — деди Лира Самыкбаева.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРГЕ “Э-КҮНДӨЛҮК” САНАРИПТИК СИСТЕМАСЫ КИРГИЗИЛҮҮДӨ

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРГЕ “Э-КҮНДӨЛҮК” САНАРИПТИК СИСТЕМАСЫ КИРГИЗИЛҮҮДӨ

Белгилей кетсек, 1-октябрдан тарта өлкөнүн башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында “Э-Күндөлүк” санариптик системасын киргизүү боюнча иштер башталган. Электрондук күндөлүк көзөмөлдөө жана кирип-чыгууну тескөө системасы (СКУД) менен бириктирилет. Учурда системанын толук кандуу иштешине зарыл болгон маалыматтар киргизилүүдө.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер