КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЖАНА КОЛЛЕДЖДЕРДИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН КЫЗМАТЫНА ТАНДОО ТЕСТИНЕН 5 ТАЛАПКЕР ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

  • 18.10.2023
  • 0

17-октябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде башталгыч жана орто кесиптик мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчиси кызматына талапкерлер тестирлөөдөн өттү.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЖАНА КОЛЛЕДЖДЕРДИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН КЫЗМАТЫНА ТАНДОО ТЕСТИНЕН 5 ТАЛАПКЕР ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

Тестирлөөгө 138 талапкер катышты, анын ичинен 24ү орто кесиптик билим берүү мекемелеринин, 114ү кесиптик лицейлердин жетекчилик кызматына сыноодон өттү. Тестирлөөгө катталган 2 талапкер тестке катышкан жок.

Жалпы талапкерлердин 3,6%ы тестирлөөдө босого % упай топтоду. Колледждердин жетекчилеринин кызмат орундарына талапкерлердин ичинен – экөө, ал эми кесиптик лицейлердин жетекчилерине 3 талапкер босого баллдан жогору % топтогон.

Тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлердин тизмеси:

— Чокоев Расул Искендерович, Талас облусу, Талас шаары, №90 кесиптик лицейи,

— Бекишев Урмат Муканович, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, К.Дюшеев атындагы №14 кесиптик лицейи,

— Мамытов Нурсултан Нуралиевич, Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары, №7 кесиптик лицейи,

— Асанбеков Токторбай Үсөнканович, Кусеин Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль жол колледжи,

— Дөлөтов Майрамбек Маматжанович, Кусеин Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль жол колледжи.

Бөлүшүү

Комментарийлер