«КӨП НЕРСЕ БИЛБЕЙТ ЭКЕМИН». ПЕДАГОГИКАЛЫК ЧЕБЕРЧИЛИККЕ ОКУГАН МУГАЛИМДЕР
- 08.09.2025
- 0
Орто жана башталгыч кесиптик окуу жайларынын 81 мугалими Республикалык илимий-методикалык борбордун “Педагогикалык чеберчилик” программасы боюнча кайра даярдоо курсун окуп бүткөрүштү.

Аталган программаны быйыл үч мугалим кызыл күбөлүк менен аяктады. Алардын бири — №4 лицейдин мугалими жана мастери Назира Эшалиева. Ал 18 жылдан бери агартуу тармагында иштейт. Финансылык жана информатика багытындагы эки кызыл дипломдун ээси бул жолу да окууну артыкчылык менен аяктады. Буга чейин республикалык илимий-методикалык борбордо IT технологиясы боюнча курстан өткөн.
— Банкта иштеп жүргөндө жакшы кызматка баруу максатында жогорку билим алууну каалап, Агрардык университетке тапшыргам. Окууну аяктаганда окутуучуларым сунушу менен университте калып, ошону менен багытым агартуу тармагына бурулду. Ошол күндөн тартып ар кандай окуулардан өтүп келем. Негизи борбордо пайдалуу курстар абдан көп. Күчтүү мугалимдер сабак беришет. Окуудан мен көп сабак алдым. Мен билбеген нерселер көп экен. Мисалы, IT жаатында заман талабына ылайык жаңылыктарды билдим. Информатик катары бул мага абдан маанилүү. Көп жылдык стажым болгону менен көп нерселерди дале билбейт экенмин, дагы да окуй берем, — дейт.

Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айылындагы №21 кесиптик лицейинин мугалими Мелисбек Наркозиев да педагогикалык билимге ээ болуп кубанып турган кези. Алгачкы эмгек жолун мектепте дене тарбия мугалими катары баштаган Мелисбек агай беш жылдан бери аталган лицейде эмгек жолун улантып келет. Педагог бул окуудан мугалимге, окуучуга, ата-энеге психологиялык, педагогикалык жактан кандай туура мамиле жасоо керектигин өздөштүргөнүн айтат.
— Мугалим менен окуучунун ортосундагы айырманы билүү керек экен. Окуу мени ар бирине туура сүйлөөнү үйрөттү. Мурда окуучулар менен түзмө-түз эле баарлашат элек. Бизди көргөн адамдар кимибиз окуучу же мугалим экенибизди айырмалай албай калчу. Азыр бардык мугалимдер классикалык образдарга басым жасап калдык. Окуучуга сабак берүүдө адегенде кызыктыруу маанилүү экен, мурда китептеги маалыматка эле таянып үйрөтөт элек. Азыр бардык маалыматтарды практика жүзүндө көрсөтүп бере алабыз, — деген алган билими мугалим окуучуларды татыктуу тарбиялап чыгарууга өбөлгө болорун айтып, алган күбөлүгүн актайм деген ишеничте.

Педогогикалык билим алгандардын дагы бири — Гүлзина Сайдамат кызы. Ал Алай районуна караштуу Гүлчө айылындагы №67 лицейде бир жылдан бери мастер катары эмгектенүүдө. Мугалим педагогикалык билимди 15-20жыл мурда эмес, дал ушул маалда алып жатканына кубанууда. Айтымында, ал башка доор болгондуктан андагы маалыматтар бүгүн актуалдуу эмес, азыр заман талабы башкача. Педагогикалык кесип бир гана агартуучулар үчүн эмес, ар бир эне үчүн керектүү билим.
— Бир жыл мугалим болуп иштеп, ар бир окуучу баарын билиш керек деп ойлоптурмун. Алар окубай же билбей калса, өзүмчө эле бушайман болор элем. «Эмне үчүн баары окубайт?» деп өзүмдү жемелечүмүн. Көрсө, ошондо менин педагогикалык билимим жетишсиз болгон экен. Алты айдан бери билим алып, көп маалыматтарга ээ болдум. Ар балага жекече мамилени жасоону үйрөндүм, — дейт Гүлзина Сайдамат кызы.
Ал буга чейин бухгалтердик жана менеджменттик кесипте билим алган. Кесиби боюнча иштеп жүргөндө IT багытында да бир жарым жыл окуган. Лицейде жаңы вакансия ачылганда өзүн сыноо максатында келип, мугалимдикти жактырып калган.

Бүгүнкү күндө башталгыч кесиптик окуу жайларда 3228 инженердик-педагогикалык кызматкер эмгектенет, алардын ичинен жогорку билимдүүлөр – 1964, орто кесиптик билими барлар – 825, башталгыч кесиптик билими барлар – 439.
Башталгыч кесиптик окуу жайларда 1403 өндүрүштүк окутуу устаты, 7500дөн ашык мугалим эмгектенет, алардын көпчүлүгү педагогикалык билимге ээ эмес. Ошол себептен мугалимдер менен устаттарды педагогика, психологиянын негиздери менен тааныштырып, кесиптик чеберчиликтерин өнүктүрүү, окутуу сапатын жогорулатуу – мезгил талабы. Бул талапты аткаруу максатында Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбор 2024-жылдан баштап “Педагогикалык чеберчилик” программасы боюнча кесиптик кайра даярдоо курсун өткөрүп келе жатат.

Программанын максаты – башталгыч жана орто кесиптик окуу жайларда иштеген техникалык билими бар педагогикалык кызматкерлерди педагогикалык чеберчиликтин негиздерине окутуп-үйрөтүү, кесиптик ишмердигиндеги заманбап компетенцияларга ээ кылуу, сапаттуу сабакты уюштурууда жаңы технологияларды колдонуу чеберчилигин өстүрүү, педагогикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү укугуна ээ кылуу.
Анын көлөмү 500-900гө чейинки саатты камтыйт. Кесиптик кайра даярдоо курсу офлайн, онлайн форматтарда өткөрүлүп, аралыктан окутууда сабактар аралаш формада Moodle билим берүү платформасында жүргүзүлөт.
“Педагогикалык чеберчилик” программа курсу быйыл үчүнчү ирет өткөрүлдү. 2024-жылдын март айында 584 сааттык кайра даярдоо курсун – 77 угуучу, 2025-жылдын январь айында 690 сааттык кайра даярдоо курсун – 86 угуучу ийгиликтүү аяктаган.
Айгерим Токтобаева, «Кут БИЛИМ»




Комментарийлер