КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТТҮ
- 19.12.2024
- 0
10-12-декабрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбордо (РИМБ) Казакстандын «Talap» коммерциялык эмес акционердик коому (НАО) менен биргеликте «Социалдык өнөктөштүк аркылуу кесиптик билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу» аттуу практикалык семинар өткөрдү.
Иш-чаранын максаты – эмгек рыногунун талаптарына жооп берген кадрларды даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле WorldSkills International сыяктуу эл аралык демилгелерди илгерилетүү.
Программанын алкагында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, социалдык өнөктөштүк жана дуалдык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча презентациялар жасалды. Казакстандан келген делегация РИМБнын аймагына достук жана кызматташтык белгиси катары карагай отургузушту.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар Бишкектеги окуу жайларын көрүп, Кыргызстандагы кесиптик лицейлер менен Казакстандын колледждери ортосунда кызматташтык боюнча меморандумдарга кол коюшту.
№18 кесиптик лицейде катышуучулар кесип тандоонун маанилүү элементи катары кесипке багыт берүү боюнча маалымат алышып, электр-газ ширетүү жана ашпозчулук боюнча мастер-класстарга катышышты.
№93 кесиптик лицейде 3D басып чыгаруу жана гравировка боюнча мастер-класс өткөрүлдү.
Президенттин алдындагы №99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинде Семей шаарындагы IT жана жаңы технологиялар боюнча Жогорку колледжи, Щучинск шаарындагы Жогорку технологиялык колледж, Алматы технологиялык колледжи жана Шымкент шаарындагы жеңил өнөр жай жана сервис колледжи менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлду. Катышуучулар IT адистерин даярдоо жана билим берүү процессине инновациялык технологияларды киргизүү боюнча тажрыйба алмашышты.
№97 темир жол кесиптик лицейинде катышуучулар Астана шаарындагы коомдук тамактануу колледжи менен кызматташуу алкагында гастрономия тармагындагы кадрларды даярдоо тажрыйбасын үйрөнүп, “Кыргыз Темир Жолу” ишканасынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжинде жумуш ордунда окутууну уюштуруу боюнча лабораториялык-практикалык сабак өткөрүлдү.
Иш-чара “Салымбеков университетинин” Эл аралык IT жана бизнес колледжине жана “Куликовский” өндүрүшүнө баруу менен жыйынтыкталды.
Бул семинар Кыргызстан менен Казакстандын кесиптик билим берүүнү модернизациялоо жана студенттердин компетенцияларын өнүктүрүү тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөөгө жана тажрыйба алмашууга маанилүү аянтча болду.
Комментарийлер