«КУРУЛУШЧУЛАРДЫН УСТАКАНАСЫ». №5 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙГЕ 80 ЖЫЛ

  • 24.02.2026
  • 0

Бишкек шаарынын так борборунда жайгашкан №5 кесиптик лицейи быйыл өзүнүн 80 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Бул дата — бир гана окуу жай үчүн эмес, жалпы эле өлкөбүздүн кесиптик билим берүү тарыхы үчүн маанилүү окуя. Сегиз он жылдык ичинде лицей миңдеген квалификациялуу адистерди тарбиялап, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келет.

"КУРУЛУШЧУЛАРДЫН УСТАКАНАСЫ". №5 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙГЕ 80 ЖЫЛ

 

Мындан 15 жыл мурда дал ушул окуу жайын аяктаган Бакыт Бектемиров учурда кесибинини ийгиликтүү адиси. Ал курсташ достору менен биргеликте эмерек жасоочу чакан цех ачып, кардарларын сапаттуу, өзгөчө жасалгадагы буюмдар менен кубантып келет.

"КУРУЛУШЧУЛАРДЫН УСТАКАНАСЫ". №5 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙГЕ 80 ЖЫЛ

  • 9-классты аяктап эле №5 лицейдин столяр-плотник багытына окууга тапшыргам. Учурда ашкана жана уктоочу гарнитур, тумбочка, керебет жана башка эмеректердин түрлөрүн жасайм. Мындан сырткары дагы башка жумушум бар. Окууну бүткөндөн кийин алты-жети жылдай эмерек жасап жүрүп, ортодо башка жумуштар менен да алек болуп, азыр эки жумушту бирдей алып кетип жатам. Ушул кесиптин аркасында бир топ ийгиликтерге жеттим,  — дейт бүтүрүүчү.

"КУРУЛУШЧУЛАРДЫН УСТАКАНАСЫ". №5 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙГЕ 80 ЖЫЛ

Бакыт Бектемировдун айтымында, ага окуу учурдагы бардык этаптар жакчу. Башка окуу жайлардан айырмаланып, бул лицейде студенттерге бекер тамак берилчү. Аймактардан келген балдарга бул абдан ыңгайлуу эле. Ал эми мугалимдерден алган тарбия келечегине трамплинг болуп бере алды.

  • Лицейден эмерек жасоонун сырларын мыкты мастерлерден үйрөндүк. Көп дос таптым. Ар бир баланын дээринен дегендей, башында отуз бала болсо, улам азайып отуруп, мебель менен иштегендер аз эле калдык. Окуу жайдан алган билим чоң турмушка трамплинг болду деп ойлойм. Көбүнесе агайлар сабак берчү. Өзгөчө атайын предметтен берген  агайыбыз абдан катаал эле, анын дисциплинасы бизди тарбияга салды. Ошол бойдон жүрө берсек, азыркыдай деңгээлге жетпейт болчубуз,  — дейт Бакыт Бектемиров.

 

 

"КУРУЛУШЧУЛАРДЫН УСТАКАНАСЫ". №5 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙГЕ 80 ЖЫЛ

Тарыхый жол: 1946-жылдан бүгүнкү күнгө чейин

1940-жылдын 2-октябрында СССР Жогорку Советинин Президиумунун «Мамлекеттик эмгек резервдери жөнүндө» Указынын негизинде кесиптик окуу жайлардын үч түрү түзүлгөн. Алар: кол өнөрчүлүк училищелери — 2, темир жол училищелери — 2 жыл, фабрика-заводдук окутуу мектептери — 6 айлык мөөнөт менен.

Бул окуу жайлардын негизги максаты согуштан кийинки эл чарбасын калыбына келтирүү үчүн квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоо болгон. Окуучулар окуу процессинин 70 пайызын өндүрүштүк практикада өтүп, окууну аяктагандан кийин төрт жыл мамлекеттик ишканаларда эмгектенүүгө милдеттүү болушкан.

№5 лицей 1946-жылы Ак-Түз кенинде кесиптик-техникалык училище катары түзүлгөн. 1950-жылы Фрунзе шаарына көчүрүлүп, 10 айлык №9 фабрика-заводдук окутуу мектеби болуп иштей баштаган. 1957-жылы №1 курулуш училищеси, ал эми 1970-жылдан баштап айылдык кесиптик-техникалык училище макамын алган. 1995-жылдан тарта азыркы №5 кесиптик лицейи деген аталышта иш алып барып келет.

"КУРУЛУШЧУЛАРДЫН УСТАКАНАСЫ". №5 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙГЕ 80 ЖЫЛ

Бүгүнкү лицей: кесиптер, мүмкүнчүлүктөр, миссия

Азыркы учурда лицей жыгач уста, эмерек жасоочу; курулуш жасалгалоочу (отделочник); электргаз ширетүүчү; сантехник; автоунаа оңдоочу слесарь жана автоэлектрик; кургак курулуш устаты (гипсокартон); электромонтажник кесиптери боюнча адистерди даярдайт.

Лицейдин негизги миссиясы — өлкө экономикасын квалификациялуу жумушчу кадрлар менен камсыз кылуу, ошондой эле бойго жеткен жарандарды кайрадан кесипке окутуу.

Окутуу толук бойдон бюджеттик негизде жүргүзүлөт. Жакшы окуган студенттерге стипендия берилет, бардык окуучулар бир маал ысык тамак менен камсыздалат.

Заманбап жаңылануу жана көп тилдүү билим берүү

Лицейде окуу процесси заман талабына ылайык жаңыланып, көп тилдүү билим берүү киргизилген. Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Мындан тышкары, корей тили акысыз, ал эми немис тили акы төлөнүүчү курстар аркылуу үйрөтүлөт. Кыска мөөнөттүү курстар да уюштурулуп, окуучулар үчүн жеңилдетилген баада сунушталууда.

"КУРУЛУШЧУЛАРДЫН УСТАКАНАСЫ". №5 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙГЕ 80 ЖЫЛ

Өндүрүш менен тыгыз байланыш

Лицейдин ишмердүүлүгүнүн өзөгү — өндүрүш менен тыгыз байланышта болуу. Бүгүнкү күндө окуучуларды практикага жөнөтүү жана жумушка орноштуруу багытында бир катар ири ишканалар менен кызматташтык түзүлгөн. Алардын катарында МИ «Кыргызкөмүр», «Бишкеккурулуш», «Азат» корпорациясы, «Алинекс», «Алмикс», «Аквадом», «ЖАО Кум Шагыл», «Бинтек» жана башка жеке менчик компаниялар бар.

2024-жылы «Бинтек» компаниясы менен кызматташуунун алкагында сантехника устаканасы толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап жабдуулар, окуу материалдары, стенддер жана эмеректер менен камсыздалды. Жалпы колдоонун көлөмү бир миллион сомго жакын болду.

Дал ушул устаканада билим алган окуучу Алтынбеков Абдурахим 2025-жылдын октябрь айында Казакстандын Актау шаарында өткөн TurkSkills эл аралык чемпионатында «сантехника жана жылуулук системалары» багыты боюнча алтын медальон утуп алды. Анын устаты Эсенбеков Таштан «эл аралык эксперт» сертификатына татыды. Бул сапарды толук каржылаган социалдык өнөктөштөр — «Кыргызкөмүр», «Аквадом» жана лицейдин бүтүрүүчүсү болгон «Токоев» ишканасы.

Мааракелик демилге: «80 жылдыкка – 80 пайдалуу иш»

Лицей өзүнүн мааракесин «80 жылдыкка – 80 пайдалуу иш» деген ураан менен белгилөөдө. Бул демилгенин алкагында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын ичинде «Алмикс» компаниясы менен биргеликте курулуш жасалгалоочулардын устаканасын толук жаңылоо, Чүй–Бишкек аймагындагы лицейлер арасында кесиптик конкурстарды уюштуруу, ошондой эле сантехника жана ширетүү багытында шаардык таймаш өткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары, эл аралык кызматташуунун натыйжасында ERASMUS+ программасы аркылуу «Мыкты устат» жана «Мыкты мугалим» сынагынын жеңүүчүлөрү Германияда тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Окуучунун ар тараптуу өнүгүүсү – башкы багыт

Лицей окуучуларды жалаң гана жумушчу адис катары эмес, ар тараптан өнүккөн инсан катары тарбиялоону максат кылат. Алар жалпы билим берүү программасынын негизинде ЖРТга катышып, жогорку окуу жайларга тапшырууга мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле лицейде окуучулардын өз алдынча башкаруу системасы иштеп, жаштар ар кандай коомдук, маданий жана социалдык демилгелерге активдүү катышышат.

Кесиптик билим берүүгө мамлекеттик колдоо зарыл

Бүгүнкү күндө кесиптик лицейлер мамлекет тарабынан ири колдоого муктаж. Заманбап кадрларды даярдоо үчүн устаканалар жаңы технологиялар, заманбап жабдуулар менен камсыз болушу керек. Бул багытта лицей өзүнүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап, демөөрчүлөрдү жана эл аралык өнөктөштөрдү тартуу аракетин көрүүдө.

12 жылдык билим берүүнүн «Алтын Казык» программасынын алкагында лицей сантехника жана автоэлектрик кесиптери боюнча профилдик окутууну «Креатив-Таалим» борбору жана №63 мектеп менен биргеликте ийгиликтүү ишке ашырууда.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер