Керилип, чимирилип… Этнокарнавалдан суктандырган ирмемдер

“Ысык-Көл досторун чакырат-2024” эл аралык этнокарнавал көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде өтүүдө. “Барчын” балдар спорттук ден соолукту чыңдоо борборунда Россия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь жана Кыргызстандын жети дубанынан келген меймандар чыгармачылык өнөрлөрүн тартуулоодо.

Керилип, чимирилип... Этнокарнавалдан суктандырган ирмемдер

Этно-PARTY. Кыргыз даамдары

Эки күндөн бери ар бир өлкөнүн командалары элдик аспаптар, театралдык чеберчилик, улуттук бий боюнча өнөрлөрүн тартуулап, жеңүүчүлөр аныкталды. Мындан сырткары, этно-PARTY уюштурулуп, катышуучулар бири-биринин маданияты менен таанышты.

Керилип, чимирилип... Этнокарнавалдан суктандырган ирмемдер

Этно-PARTY. Казакстандан келген коноктор

Керилип, чимирилип... Этнокарнавалдан суктандырган ирмемдер

Маданий баарлашууда достук чыңдалат

Элдик аспаптар боюнча биринчи орун Якутиядан келген “Этиген хомус” балдар чыгармачыл борборунун катышуучусу Шишигина Айсаарага ыйгарылды, экинчини Алай районунан келген Абдыкапарова Сумая алса, үчүнчүнү Ош шаарынын “Келечек” балдар чыгармачыл борборунун катышуучусу Азиретова Сумая жеңип алды.

Керилип, чимирилип... Этнокарнавалдан суктандырган ирмемдер

Ансамбль менен катышкандар арасында биринчи орунду Ош шаарынан келген “Таберик” комузчулар ансамбли утту.

Керилип, чимирилип... Этнокарнавалдан суктандырган ирмемдер

Театралдык чеберчилик боюнча биринчиликти Алай районунан келген “Жаш талант” драмкружогу, экинчи орунга Жалал-Абад облусунан келген ”Ариет” балдар борбору татыктуу болду.

Керилип, чимирилип... Этнокарнавалдан суктандырган ирмемдер

Ар кайсы өлкөлөрдүн таланттуу балдарынын жана жаштарынын чыгармачыл баарлашуусуна шарт түзүп берген Билим берүү жана илим министрлиги, “Балажан” эстетикалык тарбия берүү окуу-методикалык борбору.Керилип, чимирилип... Этнокарнавалдан суктандырган ирмемдер

Керилип, чимирилип... Этнокарнавалдан суктандырган ирмемдер

“Ысык-Көл досторун чакырат-2024” эл аралык этнокарнавал 14-жолу өтүп жатат.

Керилип, чимирилип... Этнокарнавалдан суктандырган ирмемдер

Керилип, чимирилип... Этнокарнавалдан суктандырган ирмемдер

Максаты – Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн этномаданий өзгөчөлүктөрүн изилдөө, жандандыруу жана сактоо, көркөм, музыкалык, вокалдык, хореографиялык таланттарды өнүктүрүү жана эң негизгиси, балдардын достугун чыңдоо. Керилип, чимирилип... Этнокарнавалдан суктандырган ирмемдер

Керилип, чимирилип... Этнокарнавалдан суктандырган ирмемдер

Керилип, чимирилип... Этнокарнавалдан суктандырган ирмемдер

Бул жылы Казакстан, Өзбекстан, Россия, Беларусь жана Кыргызстандан 400дөн ашык балдар катышып жатат. Бүгүн балдар кыргыз бийлерин үйрөнүп, өз улуттук бийлерин да тартуулашты.Керилип, чимирилип... Этнокарнавалдан суктандырган ирмемдер

Керилип, чимирилип... Этнокарнавалдан суктандырган ирмемдер

Керилип, чимирилип... Этнокарнавалдан суктандырган ирмемдер

Керилип, чимирилип... Этнокарнавалдан суктандырган ирмемдер

Керилип, чимирилип... Этнокарнавалдан суктандырган ирмемдер

Быйылкы иш-чара Кара-Кыргыз автономдук облусунун түзүлгөнүнүн жана Билим берүүнүн 100 жылдыгына карата өткөрүлүп жатат.

Эльвира Какиева, Айгерим Токтобаева, Бишкек–Ысык-Көл

 

Бөлүшүү

Комментарийлер