КЕЛЕЧЕКТИН ИЛИМИ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯСЫ БАЛДАРДЫН КӨЗҮ МЕНЕН

  • 15.02.2024
  • 0

Бишкектин төрт районунда “Мектеп окуучулары үчүн илим, техника жана өндүрүш” республикалык жумалыгы башталды.

КЕЛЕЧЕКТИН ИЛИМИ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯСЫ БАЛДАРДЫН КӨЗҮ МЕНЕН

Маалыматка ылайык, Свердлов районунун №21 орто мектебинин базасында «Мектеп окуучулары үчүн илим, техника  жана өндүрүш» республикалык жумалыгынын алкагында салтанаттуу ачылыш болду. Ачылышка мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Свердлов райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Байгулов, райондук мектептердин жетекчилери жана окуучулар катышты.

Иш-чаранын башында 100 окуучу «Манас» эпосунан үзүндү айтышты.

Ленин районундагы №44 орто мектептин базасында Жаш техниктер станциясынын клубунун мүчөлөрүнүн жана Ленин райондук балдардын чыгармачылык үйүнүн окуучуларынын катышуусунда чакан музыкалык концерт болуп өттү.

«Келечектин илими жана технологиясы балдардын көзү менен» темасында өткөн райондук  сүрөт сынагынын жаш категориялары боюнча жеңүүчүлөрү грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышып, 64 катышуучунун ичинен 21 окуучу байгелүү орундарга ээ болушту. Ошондой эле Биринчи май районунун №81 орто мектебинин базасында илим, техника жана робототехника багыттары боюнча окуучулардын колунан жасалган жана долбоорлоо иштеринин (робот, унаа, макет, кол өнөрчүлүк ж.б.) көргөзмөсү уюштурулду.

Мындан сырткары А.Токомбаева атындагы №24 мектеп-гимназиясынын окуучулары — FIRST LEGO League Challenge Борбордук Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү (10-16 жаш) роботторду жана конструкцияларды өнүктүрүү боюнча видеопрезентация жасашты.

Он күндүктүн алкагында Октябрь районунун №71 орто мектебинин базасында майрамдык концерт, ийримдин мүчөлөрүнүн, ошондой эле эл аралык, республикалык, шаардык сынактардын жеңүүчүлөрү жасаган кол өнөрчүлүк жана эмгектердин көргөзмөсү уюштурулду.

2024-жылдын 12-февралынан 17-февралына чейинки жуманын ичинде: Илим күнү, Өндүрүш күнү, Технология күнү, Шахмат боюнча турнир, Тогуз коргоол боюнча турнири өтөт.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер