КЕЛЕЧЕК ӨНӨРЛҮҮ ЖАШТАРДЫН КОЛУНДА

  • 20.01.2026
  • 0

Аламүдүн районунун балдар чыгармачылык борборунун отчёттук концерти болду.

Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында болуп өткөн иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борборунун директорунун орун басары Кубаныч Боромбаев, Чүй облусунун билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Кундуз Абдраева, Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Үсөналиев катышты.

“Келечек өнөрлүү жаштардын колунда» демекчи, ар бир билим берүү мекемесиндеги жаш муундардын маданиятка, чыгармачылыкка жана поэзияга кызыгуусу кубантпай койбойт. Таланттуу жаштардын ар кыл өнөрлөрүнө күбө болгон көрүүчүлөр келечекте өз кесибинин мыкты устаты болот деген ишенимде болуп кайтышты.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер