«КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ БЕРҮҮ» ДОЛБООРУНА 6,36 МИЛЛИОН АКШ ДОЛЛАРЫН БӨЛҮҮ КАРАЛУУДА
- 30.03.2026
- 0
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде «Келечек үчүн билим берүү» долбоорун кошумча каржылоого багытталган эл аралык макулдашуу биринчи окууда жактырылды.

30-марттагы жыйында Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитет Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда түзүлгөн макулдашууларды ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун карады. Документке ылайык, 2025-жылдын 14-октябрында Вашингтон шаарында кол коюлган келишимдердин негизинде «Келечек үчүн билим берүү» долбооруна кошумча 6,36 миллион АКШ доллары бөлүү каралууда. Анын ичинен 4,36 миллиону кредиттик каражат болсо, 2 миллиону гранттык техникалык жардам катары берилет.
Демилгечи болуп Министрлер кабинетинин төрагасы чыккан бул мыйзам долбоору өлкөдөгү мектепке чейинки билим берүү системасын кеңири колдоону көздөйт. Негизги басым бала бакча курагындагы балдарды билим берүү менен камтууну жогорулатууга жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин пилоттук негизде ишке киргизүүгө жасалууда. Мындан тышкары, мурда мамлекетке кайтарылган бала бакчалардын имараттарын кайрадан пайдаланууга берүү үчүн оңдоо жана реабилитация иштерин жүргүзүп, аларды заманбап жабдуулар менен камсыздоо пландалууда.
Талкуу учурунда депутаттар Нуржамал Төрөбекова, Гүлай Машрапова, Болот Сагынаев жана Токтобүбү Ашымбаева макулдашуунун шарттарына, өлкөдөгү бала бакчалардын жетиштүүлүгүнө жана мектепке чейинки билим берүү менен камтуу көрсөткүчүнө өзгөчө көңүл бурушту. Алар каржылоо натыйжалуу пайдаланылып, конкреттүү жыйынтыктарга алып келиши керектигин белгилешти.
Депутаттардын суроолоруна Агартуу министринин орун басары Мухтарбек Баймурзаев жооп берип, долбоорду ишке ашыруунун багыттары жана күтүлүп жаткан натыйжалар тууралуу маалымат берди. Комитет мүчөлөрү сунушталган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп, андан аркы кароого жөнөттү.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”







Комментарийлер