КЕЛЕЧЕК БҮГҮНКҮ АРАКЕТ МЕНЕН КУРАЛАТ!

  • 10.11.2025
  • 0

№12 Сузак шайлоо округу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер

Жалилова Гүльназ Тажибаевна   №6

КЕЛЕЧЕК БҮГҮНКҮ АРАКЕТ МЕНЕН КУРАЛАТ!

Жалилова Гүльназ Тажибаевна — табигый илимдеринин доктору

Мен 1978-жылдын 17-февралында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылында төрөлгөм. Ата-энем — Жалилов Тажибай жана Сакыева  Гүлжамал — өмүр бою мен окуган №22 Тагаев Камал атындагы орто мектепте эмгектенип, үч муунга билим беришкен. Бир туугандарым Гүлшайыр, Сыргак, Саида жана Гулиза ушул тармакты аркалашат, ал эми Чубак ажы диний чөйрөдө кызмат кылган.

Мен 2000-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «Токой жана бак чарбачылыгы» адистигин, 2007-жылы Австриянын Вена шаарындагы Жаратылыш ресурстары жана колдонмо илимдер университетинде (BOKU) магистр даражасын, ал эми 2013-жылы ошол эле университетте Табигый илимдеринин доктору (Dr. nat. techn.) илимий даражасын алдым.

Эмгек жолумду жөнөкөй адистиктен баштап, эл аралык эксперт катары бир катар өлкөлөрдө иштедим. Австриядагы Hilfswerk International (Афганистан, Тажикстан), Афганистандагы Afghanaid, Венгриядагы БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), Кыргызстандагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP), Вьетнамдагы Эл аралык тропикалык айыл чарба борбору (CIAT), Монголиядагы Орто Азия топурак таануучулар коомчулугу, Германиянын AFC компаниясы жана Европалык Союздун долбоорлорунда иштеп, айлана-чөйрөнү коргоо, социалдык-экономикалык өнүгүү, аялдардын укуктары, жашыл экономика, жашыл көндүмдөрдү калыптандыруу, табигый кырсыктардын алдын алуу жана региондорду туруктуу өнүктүрүү багыттарында баа жеткис тажрыйба топтодум.

Мындан тышкары, билим берүү тармагында кафедранын доценти, Табигый илимдер интитутунун директору жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин проректору кызматтарын аркаладым.

25 жылдык тажрыйбам мага бир маанилүү чындыкты көрсөтүп, жарандардын жашоо сапатынын жакшыртылышы эң оболу туура кабыл алынган мыйзамдарга жана алардын натыйжалуу иштешине көз каранды экендигин терең түшүндүм.

Акыркы мезгилде мамлекетте көп позитивдүү өзгөрүүлөр болууда, бирок элдин күнүмдүк турмушунда улуттук баалуулуктарды жана руханий мурастарды сактап, кыргыз идеологиясын коомдук аң-сезимдин өзөгүнө сиңирүү аркылуу көп тармактуу өнүгүү бизге аба менен суудай керек.

Депутат болуудагы максатым — улуттук баалуулуктарды жана руханий мурастарды сактап, кыргыз идеологиясын коомдук аң-сезимге сиңирүү менен ар бир жарандын, айрыкча аялдардын укугу урматталган, билимдүү жана жоопкерчиликтүү жарандардан турган туруктуу коом курууга көмөк көрсөтүү.

Менин билимим, тажрыйбам, жарандык жоопкерчилигим жана лидерлик сапаттарым аркылуу депутат катары, өкмөт менен элдин ортосундагы көпүрөнү чыңдап, мыйзамдардын жакшырышына  жана алардын ишке ашырылышына салым кошуу үчүн  төмөнкү алты  приоритеттүү багытты тандадым:

  1. Ар бир үйдүн бакубат жашоосу — бул өлкөнүн күчү

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кызыкчылыктарын коргоо; пенсия жана жөлөкпул системасын реалдуу муктаждыктарга ылайыктоо; үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана таалим-тарбияны улуттук нарк-насил менен айкалыштыруу.

  1. Сапаттуу билим — келечектин ачкычы

Орто мектепте улуттук баалуулуктарга негизделген сапаттуу билим жана тарбия берүү аркылуу окуучуларды туура кесип тандоого багыттоо. Мугалимдердин эмгегин татыктуу баалоо жана кадыр-баркын жогорулатуу. Мектепке чейинки мекемелердеги жаш балдардын аң-сезимине кыргыз идеологиясын калыптандыруу.

  1. Айылды өнүктүрүү жана жергиликтүү башкарууну жакшыртуу — улуттук өнүгүүнүн өзөгү

Ар бир айылдын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен узак мөөнөттүү өнүгүү пландарын иштеп чыгуу. Айыл чарбасын өнүктүрүү жана өндүрүлгөн продукцияны сатууну жолго коюу үчүн логистикалык тутум түзүү. Экотуризмди жайылтуу, агротокойчулук системасын өздөштүрүү жана ишкердикти колдоо максатында каржылык жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүү. Ошондой эле таза суу жана ирригация маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү. Бала бакча, мектеп, медицина, спорт жана маданий борборлордун тейлөө системаларын жакшыртуугө өбөлгө түзүү менен музыкалык билим берүүчү мекемелерди курууну демилгелөө.

  1. Күчтүү аял — туруктуу коом

Аялдардын мамлекеттик жана коомдук ишмердүүлүктөгү ордун бекемдөө, лидерлик сапаттарын өнүктүрүү, жумуш менен камсыз кылуу жана чакан ишкердикти колдоо боюнча атайын программаларды ишке киргизүү (цех, кол өнөрчүлүк, тамак-аш өндүрүшү, кызмат көрсөтүү тармактары ж.б.); декреттик өргүүдө шарттарды жакшыртууну карап чыгуу  жана аялдардын үй-бүлөдөгү ролун даңазалоо.

  1. Жаштар — айылдын деми, келечектин үмүтү

Элеттик жаштарды өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу: миграцияны кыскартууга өбөлгө түзүү үчүн  жаштарды билимге жана өндүрүшкө тартуу; турак-жай маселесин жеңилдетүү; ишкердикти жүргүзүүгө финансылык мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгуу, инновациялык долбоорлорду демилгелөө менен алардын  жарандык, коомдук, маданий, экологиялык активдүүлүгүн жогорулатуу.

  1. Табият менен таттуу мамиледе болуу

Климаттын өзгөрүү шартында суу ресурстарынын азайышын, температуранын жогорулашын жана вегетациялык мезгилдин алмашуусун эске алуу менен, айлана-чөйрөнү коргоо, ресурстарды сарамжалдуу (жайлоо, токойлор, суу, топурак) пайдалануу; жашыл көндүмдөрдү калыптандыруу (бала бакчадан баштап айылдын тургундарына чейин); инновациялык  технологияларды колдонууну демилгелөө.

Буйрутмачы: Жалилов Т. –  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер Г.Т.Жалилованын ыйгарым укуктуу өкүлү. Ишке ашыруучу: Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Кут Билим» Медиа Борбору мекемеси.   Салык төлөөчүнүн номери (ИНН): 00704199310081  Дареги: Тыныстанов көчөсү, 257-үй, 104-бөлмө   Тиражы: 100 нуска   Жарыяланган күн: 10.11.2025-жыл  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер  Г.Т.Жалилова тарабынан түзүлгөн шайлоо фондунун каражаттарынан финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Оморбекова Н.А. тарабынан төлөндү.
Бөлүшүү

Комментарийлер