КАЙСЫ МУГАЛИМДЕР ЭКИНЧИ ТУРДА?

  • 02.10.2024
  • 0

Кечээ сынактын биринчи турунда конкурсанттар ар кандай педагогикалык кырдаалдарда маселе чечүү боюнча тесттик сыноолордон өттү. Эң оор 1-турдан  128 мугалимден  болгону 25 мугалим экинчи турга татыктуу өтүп, күч сынашып жатат. Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өтүп жатат.

КАЙСЫ МУГАЛИМДЕР ЭКИНЧИ ТУРДА?

Белгилей кетчү жагдай, экинчи турга өткөн мугалимдердин көпчүлүгү Нарын облусунан, т.а. алыскы Ат-Башы районунан эле үч мугалим, бирөө Жумгалдан, дагы бирөө Нарын шаарынан. Бишкек шаарынан — 4, Ысык-Көл облусунан — 4, Ош шаарынан — 3, Ош облусунан — 2, Жалал-Абаддан — 1, Баткен, Чүй жана Талас облустарынан экиден мугалим суурулуп чыгып, 2-турда мастер-класс боюнча күч сынашууда.

Калыстар тобу баа коюуда бир нече критерийлерге таянып баалашат. Алсак, конкурсанттын методикалык компеттентүүлүгү: формасынын, мазмунунун,  методдорунун жана жолдорунун  окуучуларына курагына ылайык келиши; классты тандалган окуу материалына жана иштөө формаларына кызыктыра алуусу; уюштуруунун оригиналдуулугу жана тематиканын мазмунун тандоосу; мастер-класс ичинде балдардын кызыгуусун ойгото билүүсү; топто балдардын өз аракеттенүүсүн/кызматташуусун уюштура билүүсү; мастер-класс убагында балдардын активдүүлүгүн жана демилгелүүлүгүн эсепке алуу жана колдоо; тандап алынган теманын актуалдуулугу жана мастер-класстын мазмунун баалашат. Бул турда  максималдуу балл — 40.

КАЙСЫ МУГАЛИМДЕР ЭКИНЧИ ТУРДА?

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы В.И.Ленин атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Айнура Иманбердиева “Окуу – бул искусство” деген темада борбор калаадагы №67 мектептин окуучуларына мастер-класс өттү. Ал ириде балдар менен таанышып, белек оюнун ойнотту. Жакшынакай оролгон белекти балдар бири-бирине берип жаткан учурда музыка токтогондо белек кимдин колунда калса, ага ыйгарылды. Ошентип, мугалим окуучуларды сабакка көңүлүн бурдуртуп, өзүнө имерип, кызыктыра алды.

КАЙСЫ МУГАЛИМДЕР ЭКИНЧИ ТУРДА?

— Сабактын максаты —  окуунун баалуулуктарын түшүндүрүү, жай, түшүнүп окуу, өзгөчө окуу  көндүмдөрүнө жана окуган текст боюнча ой жүгүртүүгө үйрөнүшөт жана каармандардагы эң жакшы адамдык сапаттарга, мүнөздөргө  тарбияланышат. Сабакта балдарды топко бөлүп алып, иштедим. Музыка угушту, слайд көрүштү.  “Желе” техникасын колдондум. Балдар Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тексттер менен иштешти. 3-топко 3 түрдүү текст таркатып бердим. Окуянын картасы, стратегиясы боюнча чыгарманын сюжетин талдашты. Окуянын картасынан өздөрүнүн текстинин ордун белгилешип, ар бир окуучу өз суроолорун жазып, жооп, далил келтирип, жыйынтык чыгарышты. Мастер-классты  мен  “Көркөм китеп окусаң, алысты көрөсүң”  дегендей,  китеп окуу менен гана  силер бүгүнкү күндөгү баалуулуктарга ээ болосуңар деп сабагымды жыйынтыктадым. Менимче, мен өзүм койгон максатыма жеттим, — дейт конкурсант.

Эскерте кетсек, сынак 5-октябрга чейин уланат. Бул чоң байге коюлган жана мугалимдер масштабдуу түрдө катышкан биринчи кесипкөй сынак. Биринчи орун алган мугалим батирлүү болот.

Конкурстун максаты — башталгыч, негизги, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү. Ошондой эле билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо болуп саналат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

«Жылдын мыкты мугалими» республикалык (финалдык) этабынын 1-турунан өткөн мугалимдер.


Урматтуу окурман, кызыктуу мастер-класстан бир сүртүм.
Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Атыркүл Рыскелдиеванын 10-класска өткөн сабагынын иштелмесин сунуштайбыз.

Сабактын фрагментинин темасы: “Мармеладда канча кант болот?” Окурмандык сабаттуулук. Текст менен иштѳѳ

Сабактын максаттары:

  1. Билим берүүчүлүк: “Мармеладда канча кант болот?” деген текст менен иштешет жана жаңы маалымат алышат. Тексттеги автордун берейин деген оюна жараша талдашат.
  2. Тарбия берүүчүлүк: Берилген маалыматтардага таянып, лексикасында сѳздѳргѳ таянып, сѳздѳрдү колдонуп, сүйлѳѳ маданиятына, мамилешүү маданиятына үйрѳтүү, сѳз, түзүүп, сүйлѳм курап, текст жаратып, алар менен акыл эмгегинин маданиятына тарбияланышат.
  3. Ѳнүктүрүүчүлүк: Эне тилде сүйлѳѳ, ой жүгүртүү ишмердигине ээ кылуу, жазуу жана оозеки кѳндүмдѳрүн ѳнүктүрүү, эне тили аркылуу дүйнѳлүк ой мурастарын ѳздѳштүрүү ишмердүүлүгү калыптанат.

Убакыт: 20 минута

Сабактын формасы: Активдүү, пассивдүү формалары жана ѳз алдынча, жуп менен.

Сабактын тиби: Аралаш

Сабакта колдонулган интерактивдүү окутуунун усулдары: “Акыл-эске чабуул”, “Сүрѳттѳр”, “Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар”(МКТ),  “Кѳйгѳйлүү окутуу”, “Интеграциялоо окутуу”, “PISA  багыты” технологиясы, ”Жасалма интеллекттин” сүрѳт менен иштѳѳ программасы, STEM  ыкмалары( математика, биология) айкалыштыруу

Сабактын жабдылышы: ар түрдүү техникаларды, каражаттарды колдонуу, презентация

Сабакта шыктандыруучу окуу чѳйрѳсүн түзүү:

Психологиялык чѳйрѳ: Алардын мүнѳздѳрүн аныктоочу жакшы сапаттарын конфет аркылуу таратуу, жагымдуу шарт түзүү.

Физикалык чѳйрѳ:. Окуучулар жекече,  жубу менен иштѳѳгѳ социалдык форманы тандашат.

 Сабакта ээ болуучу компетенттүүлүктѳр:

  1. Тилдик
  • кыргыз адабий тилинин, жазуу эрежелеринин нормасында жазып жана сүйлѳй билүү;
  • жетишерлик сүйлѳѳ маданиятына ээ болуу;
  • сүйлѳмдѳрдү, текстти кыргызча түзѳ алышат.
  1. Коммуникативдик (кептик)
  • кыргызча сүйлѳшүү маданияты, адебине ээ болуу;
  • кеп ишмердүүлүгүнүн бардык түрлѳрүнѳ ( угуп-сүйлѳѳ, окуу, жазуу) иштей алуу;
  • жазуу жана сүйлѳѳ стилдерине жараша иштей алуу;
  • публицистикалык стилге  жараша сүйлѳп жана жаза билүү.
  1. Лингвоэтномаданий
  • тил аркылуу улуттук сѳз ѳнѳрүн үйрѳнүү;
  • тил аркылуу элдин адабий казынасын үйрѳнүү;
  • тил аркылуу элдик психологияны үйрѳнүү.

 Бенжамен Блумдун таксономиясы менен окутуу деңгээлдерин ишке ашыруу.

Окутуп-үйрөтүүнүн максаты катары каралуучу 6 негизги түшүнүк камтылды.

  1. Билүү;
  2. Түшүнүү;
  3. Колдонуу;
  4. Талдоо (анализ);
  5. Топтоо (синтез);
  6. Баалоо.

 Сабактын этаптары:

  1. Уюштуруу.

 Саламатсыңарбы, балдар!

Мен силерге таттуу балалык каалап, жашооңор таттуудай жагымдуу жагдайлар менен коштолуп, бүгүн силер менен таттуу мамиледе болуу максатында силерди чакыргым келип турат. Анда эмесе, келгиле! Алдыңардагы быйтыкчаларды алып окугула.

   Жагымдуу маанай түзүү

Берилген таттуу менен   баракчаларды окугула.

Мен силерди дайыма ушундай мыкты сапаттагы адамдардан деп билем.  Келечекте дайыма ушул сапаттар ѳмүр бою коштолушуна тилектешмин.

 1-этап. Чакыруу этабы

Ишеналы Арабаевдин эмгектеринде жана анын чыгармаларында таасирдүү жана насаатчыл сөздөр көп кездешет. Ал өз убагында кыргыз элинин билимге умтулуусун, мекенге болгон сүйүүсүн элдин биримдигинин өз сөздөрү аркылуу даңазалаган. Анын бир нече атактуу сөзү бар, аларда билимдин, адеп-ахлактын жана мекенчилдиктин мааниси баса белгиленет:

Жасалма интеллекттин  https:di-id    программасы менен жасалган И.Арабаевди сүрѳтүнѳ үн коштолуп уктурулат.

Мисалы:

  1. Билим жөнүндө:

Балдар, мен силерге акыл-насаатымды айтайын, эсиңерге туткула!

  • «Эң чоң байлык — билим. Билимсиз адам канчалык деңгээлде болбосун, анын байлыгы жоголуп кетет, бирок билимге ээ адамдын байлыгы түгѳнбѳйт».
  1. Мекен жана эл жөнүндө:
  • «Элиңе кызмат кылуу — ар бир кыргыздын башкы милдети. Мекениңди сүйүү — жүрөгүңдүн эң башкы сабагы болушу».
  1. Адеп-ахлак жөнүндө:
  • «Кылымдардан бери кыргыз эли адеп-ахлак менен жашап келген. Биздин келечегибиз да ушул адеп-ахлактын тазалыгына жараша болот».
  1. Билим жана биримдик:
  • «Билимдүү болсок, биримдикте болобуз. Биримдикте болсок, эркин, күчтүү эл болобуз».

II этап.

Жогоруда айтылгандай, баарыбыз биримдикте билимге умтулуп,  силер менен бирге иштейли.

Балдар, азыркы учурда кѳпчүлүгүбүз жакшы кѳргѳн мармеладдын ѳзү  менен, текст менен таанышалы.

Ким мармеладды жакшы кѳрѳт?

Алдыбызга текст таратылды. Адгач 3 минутада таанышып чыгабыз.

  1. Билүү деңгээли

   Мында окуучу колдонулган терминдерди, конкреттүү фактыларды, усул-ыкмаларды, негизги түшүнүктөрдү билишет.

МАРМЕЛАДДА КАНЧА КАНТ БОЛОТ?

Изилденген мармеладда жалпы курамдын 42ден 49%ке чейинки кант бар! Бул 100 граммга 10-14 чай кашык таза кантка барабар.

Калк үчүн коомдук тамактанууну уюштурууга карата санитардык текшерүү уюму 1-3 жаштагы балдарга 25 г ашык эмес кабыл алуу сунушталат. 3 жаштан 7 жашка чейинки балдар – 30дан ашык эмес. Санитардык уюмдун норма маалыматы боюнча, диетанын жалпы калориялуулугу:

  • 1200 ккал (8 чай кашыгына барабар) 1–2 жаш;
  • 1400 ккал –3 жаш;
  • 1800 ккал (9 чай кашыгына барабар) – 3 жаштан жогору.
  • Орточо мармелад – 5 г.
  • 1200 ккал керектеген бала эң көп 31 г жей алат (бул дээрлик 8 чай кашык). Сунуштарды эске алуу менен, норманы эки эсеге азайтыңыз — 15 г (4 чай кашык).
  • 1400 ккал керектөөчү бала 36 г (9 чай кашык), идеалында 18 г (4,5 чай кашык) жесе болот.
  • Бир мармеладдын орточо салмагы 5 граммды түзөт.
  • Бул жерден балага бир чайнагандан көрө, чыныгы мөмө мармеладын сунуштаган жакшы.

Мармеладдагы боёктор коркунучтуубу?

  • Техникалык эреже боюнча жасоодо  боёкторду колдонууга тыюу салбайт. Бирок курамында көрсөтүлгөн боёктор менен мармеладды ашыкча колдонуу кариестин пайда болушуна алып келиши мүмкүн.

Балдар үчүн жагымсыз болгон боёктору бар экендиги дайыма этикеткада билдирилбейт.  Ал эми жогорудагы таблицага таянып, ар кандай курактагы балдар үчүн мармеладдын уруксат берилген өлчөмүн аныктай аласыз.

Ак шекер, фруктоза, глюкоза сироптору болот.

Желатин  конфеттерди жасоодо колдонулат.

Тамак-аш өнөр жайында кеңири колдонуудан тышкары, фотосүрөттөрдү түзүү процессинде, кан агууну токтотуучу дарыларды өндүрүүдө, рентген пленкаларында колдонулат.

Желатин ал түрдүү жаныбарлардан алынган коллагенден (белоктон)  турат.

Желатиндин ден соолук үчүн пайдасы:

  • жарааттардын тез айыгышына;
  • тери үчүн, тырмак, чачтардын ѳсүшүнѳ;
  • сѳѳктѳр жана муундарга;
  • тамак сиңирүүгѳ.

Желатинди кѳп колдонуу кан басымдын кѳтѳрүлүшүнѳ, ашыкча салмакка , кан диабети, жүрѳк кан тамырларынын оорушуна  алып келет.

Эң пайдалуу мармелад — таңгакталган жана сакталган мармелад. Жаңы, жакшы  мармелад колуңузга же баштыкка жабышпайт, бирок катуу кабыгы жок, бети тегизделген, жумшак жана эч кандай  майдаланбайт.

Эгерде кесимдердин капталдары тартылып калгандай көрүнсө, анда бул ашыкча кургап кеткендиктин белгиси.

  1. 1. Алгач желатиндин курамы эмнеден турат?

Тексттин маалыматты 1 сүйлѳм менен бѳлүп кѳчүрѳбүз.

   Жооп:

Желатин ал түрдүү жаныбарлардан алынган коллагенден (белоктон)  турат.

 (Балдардын жообунан кийин кѳрсѳтүлѳт.)

Туура анда видеого кѳңүл бурсак. 1, 2 минута.

https://www.youtube.com/watch?v=pdW87Jnlpmw

  1. Түшүнүү деңгээли

    Мында окуучу факттарды, эрежелерди жана принциптерди түшүнөт, сөз жүзүндө берилген маалыматты, схемаларды, графиктерди, диаграммаларды чечмелей билет, айтылган маалыматтын төркүнүн баамдай алат.

Максат: Макаланын максаты – мармеладдын курамындагы канттын көлөмү жана анын адам ден соолугуна тийгизген таасирин талдоо.

Кыскача аныктама: Мармелад эмне экени жана анын негизги ингредиенттеринин бири – кант экендигин түшүндүрүү.

  1. Мармеладдын курамы
  • Канттын үлүшү: Мармеладдын курамындагы канттын пайызы жана негизги түрлөрү (ак шекер, фруктоза, глюкоза сироптору) тууралуу маалыматты балдар айтышат.
  • Канттын көлөмү боюнча айырмачылыктар: Ар түрдүү мармеладдардагы канттын көлөмү өзгөрүшү мүмкүн, бренддерге жана өндүрүш технологиясына жараша айырмачылыктарды карап чыгышат, салыштырат,
  1. Канттын ден соолукка тийгизген таасири
  • Ашыкча канттын зыяны: Көп шекер колдонуу организмге кандай терс таасирлерди тийгизет (ашыкча салмак, тиш көйгөйлөрү, кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорулары).
  • Мармеладдагы канттын көлөмү

Курамы боюнча кандай тексттен маалымат алабыз,  жазабыз, айтабыз.

Берилген мармеладдын сыртында түшүндүрмѳгѳ кѳңүл бурушат. Курамын аныкташат.

       №Түрү БелокМайУглевод
     
     
     
     

Колдонуу деңгээли

    Мында окуучу түшүнүктөрдү жана принциптерди жаңы кырдаалдарда пайдалана алат, мыйзамдарды, теорияларды конкреттүү практикалык жагдайда колдоно билет, ар түрдүү усул-ыкмаларды, эреже-жоболорду иш жүзүндө туура колдонот.

36 г 9 чай кашык болсо, 1 чай кашыкта канча грамм  бар?

36/9=4 грамм

Талдоо деңгээли

   Окуучу мында  ойлорду ажырата билип, ой жүгүртүүнүн логикасындагы каталыктарды жана калпыстыктарды көрө билет; факттар менен натыйжалардын ортосундагы айырмачылыктарды көрүп, маалыматтардын олуттуулугун баалай алат.

Таблицада  берилген түшүнүктөр тексттин маалыматында  камтылгандыгын аныктаңыз. Ар бир суроо үчүн «ооба» же «жок» дегенди белгилеңиз.

Бул маалымат кездешеби?Ооба Жок
Мармеладды жасоодо боёкторго тыюу салынабы?+
Мармеладдын курамындабоёктору бар экендиги дайыма этикеткада билдирилет.+
Желатиндин ден соолук үчүн пайдасы бар.+

   Топтоо деңгээли

    Окуучу мында чакан чыгармачыл текст  жазат, эксперимент жүргүзүүнүн планын сунуш кылат, тигил же бул проблеманы чечүүнүн планын түзүү үчүн ар кандай тармактагы билимдерди пайдаланат.

Жасалма интеллекттин  https://getimg.ai/    программасы менен жасаган сүрѳтүнѳ карата түзгѳн  сүйлѳмдѳрүн окуп беришет.

Мармеладды көп жеген,  тиш начар, тишинин баары курт жеген, тишинин баары кара, жаман   кичинекей  кызды образдуу бер.

Picture a bad little girl who ate a lot of marmalade, had bad teeth, had all her teeth eaten by worms, and all her teeth were black.

Демек, автор текстти кандай негизги ойду камтыды?

Жыйынтыкты концептуалдык карта менен алып чыгуу.дал келтирүү менен маалыматты тууралоо

Мармеладдын пайдасыМармеладдын зыяны
 

 

 

III этап

  1. Баалоо

Баалоо баракчасы                                                            Окуучунун аты-жөнү___________

0% -20%  -“2”

20%-40% -“3”

40%-60% -“3”

60%-80% — “4”

80%-100% -“5”

Тапшырманын мазмунуАткарылышы (“+” же “-“ )Ар бир тапшырма % өлчөнүшү(20%
      1.Суроо-жоопко катышуу
      2.Графика схема менен иштөө
      3.Сүйлѳм түзүү
      4.Топто иштөө: текст менен иштөө, анализ жүргүзүү, текст түзүү.
      5.Сүрѳт түзүү
Жыйынтык баа

 

  1. Үй тапшырма . Алган мааламат боюнча сүрѳт жасоо менен , жасалма интеллекттин https://getimg.ai/ программасына карата текст жазуу, сүрөт алып келүү, прзентация жасоо.
Бөлүшүү

Комментарийлер