КАСТАМОНУ УНИВЕРСИТЕТИНИН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ОШТУДА

  • 03.04.2025
  • 0

Ош технологиялык университетине Түркия Республикасындагы Кастамону университетинин расмий делегациясы окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде атайын иш сапары менен келди.

Кастамону университетинин экономика жана административдик илимдер факультетинин деканы, экономика илимдеринин доктору, профессор Орхан Кандемир жетектеген делегация курамын ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Мамытов тосуп алды.

Жолугушууга окуу жай жетекчилиги, бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы катышып, ар тараптуу кызматташууну талкуулашты.

Иш сапардын жүрүшүндө Эразмус+ долбоорунун алкагында Орхан Кандемир мырза экономика жана башкаруу институтунун окутуучуларына жана студенттерине бир жумалык сабак өтөт.

Орхан Кандемир ОшТУнун экономика жана башкаруу институтунун окутуучуларына лекция окуду.

Иш-чара Эразмус+ долбоорунун алкагында бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасы тарабынан уюштурулуп, аталган долбоор кафедра тарабынан ишке ашырылып жатат.

Эскерте кетсек, Ош технологиялык университети менен Кастамону университети буга чейин дагы тыгыз байланышта иш алып барып келген.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Комментарийлер